# 192-берене. Узак мөөнөттүү контракттар боюнча кирешелер жана чыгарып салуулар

- Документ: [Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/202445)
- Документтеги орду: 29-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябры № 230 "Салык кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 230
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-192>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-40/edition/1120877/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202445/st-192.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык кодекси, 192-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-192

---

1. Бул берененин максаттары үчүн узак мөөнөттүү контракт деп контракт боюнча каралган иш башталган салыктык мезгилдин ичинде бүтпөй калган өндүрүшкө, орнотууга же курууга контракт же коштоочу кызматтарды көрсөтүү түшүнүлөт, мында алдын ала баалоолорго карата контракт боюнча каралган иш башталган күндөн тартып 12 айдын ичинде бүткөрүлүүгө тийиш болгон контракттарды кошпогондо.

2. Салык төлөөчү тарабынан кирешелерди жана чыгымдарды аныктоо үчүн эсептөө ыкмасын колдонууда узак мөөнөттүү контракттарга тийиштүү кирешелер жана чыгарып салуулар контракттын пайыздык аткарылышынын негизинде салыктык жылдын ичинде эсепке алынат.

Контрактты аткаруу бөлүгүнүн чоңдугу салыктык жылдын аягына чейин тартылган чыгымдар менен бул контракт боюнча жыйындын чыгымдарын салыштыруу аркылуу аныкталат.

3. Салык төлөөчү тарабынан кирешелер менен чыгашаларды аныктоо үчүн эсептөөнүн жөнөкөй ыкмасы пайдаланылган учурда узак мөөнөттүү контракттарга тийиштүү кирешелер жана чыгарып салуулар салыктык жылдын ичинде иш жүзүндө аткарылган жана төлөнгөн иштер, кызматтар боюнча аныкталат.

---

Мурунку берене: [191-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-191)  
Кийинки берене: [193-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-193)
