# 190-берене. Кирешени такташтыруу

- Документ: [Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/202445)
- Документтеги орду: 29-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябры № 230 "Салык кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 230
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-190>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-40/edition/1120877/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202445/st-190.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык кодекси, 190-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-190

---

1. Төмөнкүдөй учурларда товарлардан, жумуштардан, кызматтардан алынган киреше такташтырылууга тийиш:

1) товарлар толук же жарым жартылай кайтарылганда;

2) бүтүмдүн шарттары өзгөртүлгөндө.

Кирешени такташтыруу товарлар кайтарылган же бүтүмдүн шарттары өзгөртүлгөн салыктык мезгилдин жылдык жыйынды кирешесинин өлчөмүн өзгөртөт.

2. Амортизациялоого тийиш негизги каражаттарды сатуудан алынган киреше, ошондой эле ушул негизги каражаттардын камсыздандыруу келишимдери боюнча алынган камсыздандыруу төлөмдөрү товарларды сатуудан түшкөн кирешеге кошулбайт, ал эми ушул бөлүмгө ылайык топтун салыктык наркын аныктоодо эсепке алынат.

---

Мурунку берене: [189-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-189)  
Кийинки берене: [191-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-191)
