# 189-берене. Салык салынбай турган кирешелер

- Документ: [Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/202445)
- Документтеги орду: 29-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябры № 230 "Салык кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 230
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 12 июля 2017 года № 123 "О внесении изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111630)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 12.07.2017 [Закон КР от 12 июля 2017 года № 123 "О внесении изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111630); 24.07.2015 [Закон КР от 24 июля 2015 года № 194 "О внесении изменений и дополнений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111238); 15.03.2014 [Закон КР от 15 марта 2014 года № 50 "О внесении дополнений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205272); 06.10.2012 [Закон КР от 6 октября 2012 года № 169 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203769)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445#diff=1120974..1120976>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-189>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-40/edition/1120877/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202445/st-189.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык кодекси, 189-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-189

---

1. Төмөнкүлөргө пайда салыгы салынбайт:

1) уставдык капиталга салым жана/же субъект катышуучусу болуп саналган уюмга субъектин салымынын башка түрлөрү жана/же пайдык салым катары алынган мүлктүн наркына;

2) уюмдун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечими менен өзүнүн жеке өндүрүштүк базасын өнүктүрүү боюнча капиталдык салымдарга акысыз алган негизги каражаттардын жана акча каражаттардын наркы, ошондой эле төмөндө көрсөтүлгөн объекттерди (мындан ары бул бөлүмдө - акысыз алынган социалдык-маданий багыттагы объекттер) багытталышы боюнча пайдаланууну жана эксплуатациялоону жүзөгө ашырган, мамлекеттик катышуунун үлүшү 50%дан жогору чарбалык коомдордун жана/же Кыргыз Республикасынын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын менчиги болуп саналган адистештирилген уюмдардын менчигине акысыз алынган объекттердин (гидроэлектр станциялардын, жылуулук электр станциялардын, гидротехникалык курулмалардын, суу алгыч курулмалардын, тоо кен-шахталык жабдуулардын, жарандык коргонуу объекттеринин, ошондой эле жер участокторун пайдалануу укугунун) наркы.

Ушул берененин 2-пунктунда көрсөтүлгөн адистештирилген уюмдардын тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет;

21) объектти эксплуатациялоого кабыл алуу актысына ылайык, мындай уюмдун менчигинин формасына карабастан, көрсөтүлгөн объекттерди багытталышы боюнча пайдаланууну, эксплуатациялоону жана тейлөөнү жүзөгө ашыруучу социалдык-маданий, турак жай-коммуналдык-тиричилик багытындагы, жолдордун, суу менен камсыздоо жана канализация, электр тармактарынын жана эсептөө приборлорунун, подстанциялардын, от казандарынын жана жылуулук тармактарынын, газ тармактарынын жана газды эсептөө приборлорунун объекттеринен адистештирилген уюм тарабынан акысыз алынган негизги каражаттардын наркы.

3) коммерциялык эмес уюмдар тарабынан алынган:

а) мүчөлүк жана кирүү төгүмдөрү;

б) уставдык максаттарда пайдалануу шартында гуманитардык жардам жана гранттар;

в) уставдык максаттарда пайдалануу шартында акысыз алынган активдердин наркы;

г) көп квартиралуу үйлөрдү жана аларды тейлеген имарат, курулмаларды техникалык жактан тейлөөгө жумшалчу төлөм;

д) өздөрүнүн мүчөлөрүнө суу колдонулуучулар ассоциациясы тарабынан көрсөтүлүүчү уставдык иштин алкагында сугат сууларын берип туруу боюнча тейлөө кызматына жумшалчу төлөм;

е) диний каадаларды, ырым-жырымдарды, зыйнаттарды көрсөтүүдөн, ажылык зыяраттарды уюштуруу жана өткөрүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдөн, ошондой эле ыктыярдуу кайыр-садагалардан түшкөн кирешелери.

4) ата мекендик уюмдарга катышуудан салык төлөөчү алган дивиденддер;

5) өнөктөрдүн салымы катары жөнөкөй өнөктөштүк тарабынан алынган мүлктүн наркы;

6) ишенимдүү башкарууга ишенимдүү башкаруучу тарабынан алынган мүлктүн наркы;

7) өздүк акциялардын наркын алардын номиналдык наркынан өсүшү түрүндө алынган киреше;

8) өздүк акцияларды сатууда нарктын өсүшүнөн алынган киреше;

9) сатылуучу күнүнө карата листингдин эң жогорку жана эң жогоркудан кийинки категория боюнча фондулук биржасындагы листингинде жайгашкан баалуу кагаздардын наркынын өсүшүнөн түшкөн пайыздык кирешелер жана кирешелер.

10) негизги каражаттарды сатуудан финансылык ижаранын (лизингдин) келишими боюнча алынган киреше.

Көңүл буруңуздар! КР 2012-жылдын 6-октябрындагы № 169 Мыйзамына ылайык 10-пункт 2017-жылдын 1-январынан тартып күчүн жоготот (КР 2012-жылдын 6-октябрындагы № 169, 2014-жылдын 15-мартындагы № 50, 2015-жылдын 24-июлундагы № 194, 2017-жылдын 12-июлундагы № 123 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [188-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-188)  
Кийинки берене: [190-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-190)
