# 188-берене. Жылдык жыйынды кирешенин курамы

- Документ: [Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/202445)
- Документтеги орду: 29-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябры № 230 "Салык кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 230
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 6 октября 2012 года № 169 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203769)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 06.10.2012 [Закон КР от 6 октября 2012 года № 169 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203769); 29.01.2010 [Закон КР от 29 января 2010 года № 22 О внесении дополнений и изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики](https://aqlex.ai/kg/doc/202734)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445#diff=1120913..1120914>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-188>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-40/edition/1120877/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202445/st-188.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык кодекси, 188-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-188

---

1. Жылдык жыйынды кирешенин курамына бухгалтердик эсеп жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эрежелерге ылайык аныкталган кирешелердин бардык түрлөрү кирет, анын ичинде:

1) салыктык амортизациялоо максаттарында салыктык топко киргизилген негизги каражаттарды сатуудан түшкөн кирешени кошпогондо, товарларды, жумуштарды, кызматтарды сатуудан түшкөн киреше;

2) негизги каражаттарды пайдалануудан чыгарылган демонтаждоодо же жоюуда алынган материалдардын же башка мүлктүн наркы түрүндө кирешелерди кошуп алганда амортизациялоого жатпаган активдерди сатуудан алынган кирешелер;

3) экономикалык ишмердикти чектөөгө же токтотууга макулдук үчүн алынган киреше;

4) акысыз алынган активдердин наркы;

5) курстук оң айырманын суммасынын курстук терс айырманын суммасынан өсүшү;

6) пайыздык киреше;

7) дивиденддер;

8) роялти;

9) уюмду башкарууга катышуудан алынган сыйакылар жана компенсациялар түрүндөгү кирешелер;

10) кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү ижарага берүүдөн алынган киреше;

11) киреше салыгы боюнча бирдиктүү декларацияга киргизилген жеке ишкердиктин мүлкүн кошпогондо, ишкердик жүргүзүүдө пайдаланылбаган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү сатууда наркынын өсүшүнөн алынган киреше;

12) сатуудан алынган киреше:

а) сатып алуунун наркын кемитүү менен акцияларды;

б) туунду баалуу кагаздарды;

в) сатуу күнүнө карата дисконттун жана/же сыйакынын амортизациясын эске алып, сатып алуунун наркын кемитүү менен купонду эсепке албастан карыздык баалуу кагаздарды;

г) сатып алуунун наркын кемитүү менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык баалуу кагаздар деп таанылган мүлктөй укуктун башка объекттерин;

д) анын алгачкы наркын алып салуу менен катышуу үлүшү;

13) субсидиялар;

14) салыктык мезгилдин аягына карата амортизациялык активдердин тобу боюнча салыктык эсептөөнүн терс суммалары;

15) инвентаризациялоонун натыйжасында аныкталган активдердин артыкбаш наркы;

16) төмөнкүлөрдүн натыйжасында келип чыккан салык төлөөчүнүн милдеттенмелерин токтотуудан алынган кирешелер;

а) кредитор тарабынан өзүнчө кабыл алынган мыйзам менен карыздарды эсептен чыгаруудан башка милдеттенмени эсептен чыгаруусунан;

б) (КР 2012-жылдын 6-октябрындагы № 169 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

в) (КР 2012-жылдын 6-октябрындагы № 169 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

г) салык төлөөчүнүн милдеттенмесин, анын ичинде салыктык милдеттенме үчүнчү жактын аткаруудан;

17) карызды талап кылуу укугунан баш тартуудан кирешелер;

18) камсыздандырылган негизги каражаттар боюнча камсыздандыруу суммасынын ордун толтурууну кошпогондо, камсыздандыруу келишимдери боюнча камсыздандыруу суммалары (ордун толтуруу);

19) шектүү милдеттенмелердин суммалары;

20) социалдык чөйрөнүн объекттерин пайдаланууда алынган чыгымдардан кирешелердин өсүшү.

2. Жылдык жыйынды кирешенин курамына салык салынбай турган кирешелер кирбейт.

(КР 2010-жылдын 29-январындагы № 22, 2012-жылдын 6-октябрындагы № 169 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [187-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-187)  
Кийинки берене: [189-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-189)
