# 187-берене. Салыктык мезгил

- Документ: [Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/202445)
- Документтеги орду: 28-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябры № 230 "Салык кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 230
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-187>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-40/edition/1120877/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202445/st-187.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык кодекси, 187-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-187

---

1. Пайдага салык боюнча салыктык мезгил болуп календардык жыл эсептелет.

2. Эгер салык төлөөчү календардык жыл башталгандан кийин каттоодон өткөн болсо, анда ал үчүн биринчи салыктык мезгил болуп анын түзүлгөн күнүнөн тартып календардык жылдын аягына чейинки мезгил саналат.

Мында салык төлөөчүнү каттоо күнү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда мамлекеттик каттоодон өткөн күнү болуп эсептелет.

3. Эгер салык төлөөчү календардык жылдын аягына чейин жоюлган же өзгөртүп кайра түзүү жол-жоболорунан өткөн болсо, ал үчүн акыркы салыктык мезгил болуп жылдын башынан тартып жоюу, өзгөртүп кайра түзүү аяктаган күнүнө чейинки мезгил саналат.

4. Эгер салык төлөөчү календардык жылдан кийин каттоодон өтүп, ушул жылдын аякташына чейин жоюлган же өзгөртүп кайра түзүү жол-жоболорунан өткөн болсо, ал үчүн салыктык мезгил болуп түзүлгөн күндөн тартып жоюу, өзгөртүп кайра түзүү аяктаган күнүнө чейинки мезгил саналат.

---

Мурунку берене: [186-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-186)  
Кийинки берене: [188-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-188)
