# 186-берене. Салыктык база

- Документ: [Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/202445)
- Документтеги орду: 28-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябры № 230 "Салык кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 230
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-186>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-40/edition/1120877/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202445/st-186.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык кодекси, 186-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-186

---

1. Пайдага салык боюнча салыктык база ушул бөлүмдө каралган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен бухгалтердик эсеп жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эрежелер боюнча эсептелген пайда болуп эсептелет,

2. Ушул бөлүмдүн максаттары үчүн пайда - салык төлөөчүнүн жылдын жыйынды кирешеси менен салык мезгили үчүн эсептелген ушул бөлүмгө ылайык чыгарып салынууга тийиш чыгымдардын ортосундагы оң айырма.

3. Кыргыз Республикасындагы туруктуу мекемеси менен байланышпаган Кыргыз Республикасындагы булактан киреше алган чет өлкөлүк уюмдар үчүн салыктык база чыгарып салуу жүргүзүлбөгөн киреше болуп эсептелет.

4. Пайдага салык боюнча салыктык база бухгалтердик эсеп жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык активдерди жана милдеттенмелерди баалоонун натыйжасында пайда болгон кирешелерге жана чыгымдарга көбөйбөйт жана азайбайт.

---

Мурунку берене: [185-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-185)  
Кийинки берене: [187-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-187)
