# 184-берене. Пайдага салык төлөөчү

- Документ: [Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/202445)
- Документтеги орду: 28-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябры № 230 "Салык кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 230
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 21 июля 2016 года № 129 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Налоговый кодекс Кыргызской Республики, Закон Кыргызской Республики "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики")"](https://aqlex.ai/kg/doc/111408)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445#diff=1120959..1120960>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-184>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-40/edition/1120877/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202445/st-184.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык кодекси, 184-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-184

---

1. Пайдага салык төлөөчү (мындан ары бул бөлүмдө - салык төлөөчү) болуп төмөнкүлөр эсептелет:

1) ата мекендик уюм;

2) Кыргыз Республикасындагы туруктуу мекеме аркылуу ишмердик жүргүзүүчү чет өлкөлүк уюм;

3) жеке ишкер;

4) Кыргыз Республикасындагы ушул уюмдун туруктуу мекемесине байланышпаган Кыргыз Республикасындагы булактан чет өлкөлүк уюмга киреше төлөөчү салык агенти.

2. Бул бөлүмдүн максаттары үчүн салык агенти болуп чет өлкөлүк уюмга киреше төлөөчү уюм же жеке ишкер эсептелет.

3. КРУБ, Депозиттерди коргоо боюнча агенттик, Депозиттерди коргоо фонду жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду кирешеге салык төлөөчү болуп эсептелбейт.

(КР 2016-жылдын 21-июлундагы № 129 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [183-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-183)  
Кийинки берене: [185-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-185)
