# 18-берене. Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын нормаларын колдонуу боюнча документтер

- Документ: [Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/202445)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябры № 230 "Салык кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 230
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 6 октября 2012 года № 169 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203769)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 06.10.2012 [Закон КР от 6 октября 2012 года № 169 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203769); 18.05.2012 [Закон КР от 18 мая 2012 года № 55 "О внесении изменений и дополнений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203655)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445#diff=1120913..1120914>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-40/edition/1120877/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202445/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык кодекси, 18-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-18

---

1. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана салык кызматынын органдары Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын нормаларын колдонуу боюнча салык төлөөчүнүн суроо-талабына жазуу жүзүндө жооп берүүгө милдеттүү.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын колдонуу боюнча эрежелерди, жоболорду, нускамаларды жана башка документтерди басып чыгарууга милдеттүү.

3. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн документтер салык төлөөчү үчүн милдеттүү болуп саналбайт.

4. Ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн документтер, эгерде алар ушул Кодексте каралган ыйгарым укуктарды ишке ашыруу максатында кабыл алынса, колдонуу үчүн милдеттүү болуп эсептелет.

5. Ушул берененин 2-бөлүгүнө ылайык чыгарылган документтер Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган басма жана электрондук басылмаларда документтердин тексттерин көчүрмөлөө жолу менен, ошондой эле ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана/же ыйгарым укуктуу салык органынын ачык маалыматтык веб-сайтында жалпыга жеткирилет.

(КР 2012-жылдын 18-майындагы № 55, 2012-жылдын 6-октябрындагы № 169 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-17)  
Кийинки берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-19)
