# 179-берене. Чет мамлекеттин дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн жана консулдук мекемесинин же эл аралык уюмдун өкүлчүлүгүнүн кызматкерине салык салуу

- Документ: [Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/202445)
- Документтеги орду: 27-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябры № 230 "Салык кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 230
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-179>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-40/edition/1120877/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202445/st-179.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык кодекси, 179-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-179

---

Төмөндөгүлөрдүн кирешелерине киреше салыгы салынбайт:

1) чет мамлекеттин дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн жана консулдук мекемесинин башчыларынын, ошондой эле персоналынын, алар менен чогуу жашаган үй-бүлө мүчөлөрүнүн, эгерде алар Кыргыз Республикасынын жарандары болуп эсептелбесе, Кыргыз Республикасындагы ушул жеке жактардын дипломатиялык же консулдук кызматы менен байланышта болбогон киреше булагынан алынган кирешесинен тышкары;

2) чет мамлекеттин дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн жана консулдук мекемесинин администрациялык-техникалык жана тейлөөчү персоналынын жана алар менен чогуу жашаган үй-бүлө мүчөлөрүнүн, эгерде алар Кыргыз Республикасынын жарандары болуп эсептелбесе, Кыргыз Республикасындагы ушул жеке жактардын ушул өкүлчүлүктөрдөгү дипломатиялык же консулдук кызматы менен байланышта болбогон киреше булагынан алынган кирешесинен тышкары;

3) Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген, күчүнө кирген эл аралык келишимде каралган нормаларга ылайык эл аралык уюмда иштеген Кыргыз Республикасынын жараны болуп эсептелбеген жеке жактын кирешелеринен.

---

Мурунку берене: [178-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-178)  
Кийинки берене: [180-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-180)
