# 178-берене. Салык агентинин киреше салыгы боюнча отчетту берүүсү

- Документ: [Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/202445)
- Документтеги орду: 26-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябры № 230 "Салык кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 230
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 15 мая 2015 года № 96 "О внесении дополнений и изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111139)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 15.05.2015 [Закон КР от 15 мая 2015 года № 96 "О внесении дополнений и изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111139); 18.05.2012 [Закон КР от 18 мая 2012 года № 55 "О внесении изменений и дополнений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203655); 27.07.2009 [Закон КР от 27 июля 2009 года № 255 О внесении дополнений и изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики "](https://aqlex.ai/kg/doc/202732)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445#diff=1120946..1120947>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-178>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-40/edition/1120877/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202445/st-178.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык кодекси, 178-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-178

---

1. Эгерде ушул беренеде башкача каралбаса, салык агенти кирешени төлөгөн айдан кийинки айдын 20сынан кийинки күндөн кечиктирбестен киреше салыгы боюнча салык органына аны төлөгөн орду боюнча отчет берүүгө милдеттүү.

1-1. Салык агенти болуп саналган чакан, орто ишкердиктин субъекти же коммерциялык эмес уюм тарабынан киреше салыгы боюнча отчеттуулук отчеттук кварталдан кийинки айдын 20сынан кийинки күндөн кечиктирбестен берилет.

2. Салык агенти салыктык жана/же каттоо эсебинин орду боюнча жеке жакка киреше төлөөнүн фактысы жана суммасы, анын ичинде материалдык формадагы пайда жөнүндө маалыматты салык кызматынын органдарына берүүгө милдеттүү:

1) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык түзүлгөн келишимдер боюнча иштеген адамдарга - жыл сайын кийинки жылдын 20-февралынан кийинки күнүнөн кечиктирбестен;

2) ушул бөлүктүн 1) пунктунда аталбаган башка бардык адамдарга квартал сайын кварталдан кийинки айдын 20сынан кийинки күндөн кечиктирбестен.

3. Жеке жакка киреше төлөөнүн фактысы жана суммасы жөнүндө маалыматтын формасы, анын ичинде материалдык пайда формасында берилгендери, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

(КР 2009-жылдын 27-июлундагы № 255, 2012-жылдын 18-майындагы № 55, 2015-жылдын 15-майындагы № 96 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [177-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-177)  
Кийинки берене: [179-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-179)
