# 177-берене. Салык агентинин салыктык милдеттенмелерин аткаруу тартиби

- Документ: [Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/202445)
- Документтеги орду: 26-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябры № 230 "Салык кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 230
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 15 мая 2015 года № 96 "О внесении дополнений и изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111139)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 15.05.2015 [Закон КР от 15 мая 2015 года № 96 "О внесении дополнений и изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111139); 18.01.2014 [Закон КР от 18 января 2014 года № 13 "О внесении изменений и дополнений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205233); 18.05.2012 [Закон КР от 18 мая 2012 года № 55 "О внесении изменений и дополнений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203655)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445#diff=1120946..1120947>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-177>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-40/edition/1120877/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202445/st-177.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык кодекси, 177-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-177

---

1. Эгерде ушул беренеде башкача каралбаса, салык агенти тарабынан кармалуучу киреше салыгы кирешени төлөгөн айдан кийинки айдын 20сынан кийинки күндөн кечиктирбестен бюджетке төлөөнүүгө жатат.

1-1. Чакан ишкердиктин субъекти же коммерциялык эмес уюм болуп саналган салык агенти тарабынан кармалуучу киреше салыгы киреше төлөнгөн отчеттук кварталдан кийинки айдын 20сынан кийинки күндөн кечиктирбестен бюджетке төлөөнүүгө жатат.

2. Салык агенти тарабынан кармалуучу киреше салыгы салык агентинин салыктык каттоо орду боюнча төлөнөт, ал эми обочолонгон бөлүмчөлөр болгон учурда - обочолонгон бөлүмчөнүн каттоо орду боюнча.

Обочолонгон бөлүмчөнүн жайгашкан орду боюнча бюджетке төлөнүүгө тийиш салыктын суммасы ушул обочолонгон бөлүмчөнүн кызматкери тарабынан төлөнгөн кирешенин суммасына жараша аныкталат.

3. Кыргыз Республикасындагы киреше булагынын салыгы кирешени төлөөнүн формасы жана ордуна карабастан салык агенти тарабынан бюджетке эсептелет жана төлөнөт.

4. Эгер жеке ишкерге төлөмдөрдөн тышкары жеке адамга төлөнгөн кирешеден салык агенти салыкты кармабай же толук кармабай калса, анда бул аткарылбаган салыктык милдеттенме салык агенти тарабынан аткарылат.

(КР 2012-жылдын 18-майындагы № 55, 2014-жылдын 18-январындагы № 13, 2015-жылдын 15-майындагы № 96 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [176-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-176)  
Кийинки берене: [178-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-178)
