# 172-берене. Мүлктөй салыктык чыгарып салуулар

- Документ: [Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/202445)
- Документтеги орду: 24-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябры № 230 "Салык кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 230
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-172>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-40/edition/1120877/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202445/st-172.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык кодекси, 172-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-172

---

1. Салык төлөөчү ипотекалык кредит боюнча пайыздарды жоюуга салык төлөөчү тарабынан иш жүзүндө жиберилген каражаттардын суммасында мүлктөй салыктык чыгарып салууга укуктуу, бирок бир жылда 230000 сомдон ашык эмес.

Турак жай фондунун имараттарын жана жайларын ушул имараттарды жана жайларды күрөөгө коюу менен сатып алуу жана/же куруу үчүн алынган кредит ипотекалык кредит деп эсептелет.

2. Мүлктөй салыктык чыгарып салуу салык төлөөчүгө салык төлөөчүнүн жазуу жүзүндөгү арызынын жана кредитти жана анын пайыздарын жоюунун эсебине салык төлөөчүнүн акча каражаттарын төлөнгөн фактысын ырастаган документтеринин негизинде ал тарабынан салыктык декларация берилген учурда берилет.

3. Ушул беренеде каралган мүлктөй салык чегерими, эгерде салык төлөөчүгө турак үй, квартира куруу же алуу жумуш берүүчүнүн же башка субъекттин каражатынын эсебинен жүргүзүлсө, эгерде турак үйдү, квартираны, бөлмөнү же алардагы үлүштү сатуу-сатып алуу бүтүмү бирине-бири көзкаранды жеке жактардын ортосунда жасалса, колдонулбайт.

---

Мурунку берене: [171-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-171)  
Кийинки берене: [173-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-173)
