# 171-берене. Социалдык чыгарып салуулар

- Документ: [Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/202445)
- Документтеги орду: 24-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябры № 230 "Салык кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 230
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 21 мая 2018 года № 50 "О внесении изменения в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111783)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445#diff=1120980..1120981>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-171>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-40/edition/1120877/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202445/st-171.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык кодекси, 171-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-171

---

1. Салык төлөөчү салык төлөөчүнүн жана анын багуусундагы жыйырма төрт жаштан ашпаган адамынын билим алуусуна социалдык чегерим каражатын алууга укуктуу.

2. Мектепке чейинки, мектептик, орто кесиптик жана жогорку билим алуу үчүн чыгарып салуулардын өлчөмү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын лицензиясы бар Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмунун дарегине же камкорчулук кеңештеринин дарегине салык салуучу төлөгөн жана документтер менен тастыкталган төлөмдүн суммасына тең, бирок билим алууга чыгарып салууларды эске албастан, салык төлөөчүнүн салыктык базасынын өлчөмүнүн 10 пайызынан ашпаган өлчөмдө, ал эми багуусунда үч же андан көп адам турган салык төлөөчүлөр үчүн, билим алууга чыгарып салууларды эске албастан, салык төлөөчүнүн салыктык базасынын өлчөмүнүн 25 пайызынан ашпаган өлчөмдө белгиленет.

3. Ушул берененин 1-бөлүгүндө белгиленген социалдык чыгарып салууларга салык төлөөчүнүн жазуу жүзүндөгү арызынын жана төлөнгөн чыгымдарды ырастоочу документтеринин негизинде салыктык декларация берилген учурда укук берилет.

4. Эгер социалдык чыгарып салуулардын суммасы ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган чектөөнүн суммасынан ашык болсо, анда мындай ашык сумма кийинки салыктык мезгилдерде чегерип салынууга тийиш эмес.

(КР 2018-жылдын 21-майындагы № 50 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [170-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-170)  
Кийинки берене: [172-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-172)
