# 168-берене. Киреше келип чыккан дата

- Документ: [Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/202445)
- Документтеги орду: 23-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябры № 230 "Салык кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 230
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-168>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-40/edition/1120877/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202445/st-168.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык кодекси, 168-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-168

---

Ушул главанын максаттарында киреше келип чыккан дата төмөнкүлөр болуп эсептелет.

1) кирешени төлөө датасы, анын ичинде кирешени салык төлөөчүнүн банктагы эсебине же болбосо анын тапшырмасы боюнча үчүнчү жактардын эсебине которуу боюнча - кирешелер акчалай формада алынганда;

2) товарга болгон менчик укугунун өтүшүнүн датасы - кирешелер товарлар формасында алынганда;

3) бардык иштер аяктаган жана кызматтар көрсөтүлгөн дата - жумуштар, кызматтар формасында кирешелер алынганда;

4) салык төлөөчү тарабынан алынган зайымдар же кредиттер боюнча, ошондой эле алынган жана/же сатып алынган товарлар боюнча төлөмдөрдүн жана/же пайыздардын суммасы төлөнгөн датасы - материалдык пайда түрүндө киреше алынганда;

5) салык төлөөчүнүн милдеттенмеси токтогон учурда - милдеттенме токтогон датасы.

---

Мурунку берене: [167-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-167)  
Кийинки берене: [169-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-169)
