# 167-берене. Киреше салыгы салынбаган кирешелер

- Документ: [Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/202445)
- Документтеги орду: 23-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябры № 230 "Салык кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 230
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 10 декабря 2018 года № 99 "О внесении изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111839)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 10.12.2018 [Закон КР от 10 декабря 2018 года № 99 "О внесении изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111839); 23.11.2017 [Закон КР от 23 ноября 2017 года № 195 "О внесении изменения в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111702); 18.11.2016 [Закон КР от 18 ноября 2016 года № 181 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Налоговый кодекс Кыргызской Республики, Закон Кыргызской Республики "О тарифах страховых взносов по государственному социальному страхованию")"](https://aqlex.ai/kg/doc/111460); 07.07.2016 [Закон КР от 7 июля 2016 года № 102 "О внесении изменения в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111381); 08.06.2015 [Закон КР от 8 июня 2015 года № 124 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111167); 15.03.2014 [Закон КР от 15 марта 2014 года № 50 "О внесении дополнений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205272); 30.07.2013 [Закон КР от 30 июля 2013 года № 164 "О внесении дополнения в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203973); 06.10.2012 [Закон КР от 6 октября 2012 года № 169 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203769)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445#diff=1120981..1120984>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-167>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-40/edition/1120877/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202445/st-167.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык кодекси, 167-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-167

---

Төмөнкүлөр киреше салыгы салынбаган кирешелер болуп саналат:

1) Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык белгиленген жөлөкпулдар;

2) Кыргыз Республикасынын Президентинин резервдик фондунан, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын резервдик фондунан, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын фондунан жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунан төлөөлөр;

3) мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча жөлөкпулдар жана компенсациялар;

4) Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык төлөнүүчү пенсиялар;

5) бюджеттин каражаттарынын эсебинен төлөнүүчү жөлөкпулдар жана компенсациялар;

6) Кыргыз Республикасынын билим берүү мекемелеринин окуучуларына жана студенттерине төлөнүүчү стипендиялар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын коммерциялык эмес уюмдары тарабынан төлөнүүчү стипендиялар;

7) ал жеткис күч жагдайлары менен байланышкан кайтарымсыз алынган суммалар;

8) аскер кызматчыларынын, улуттук коопсуздук органдарынын, укук коргоо органдарынын кызматчыларынын, мамлекеттик кызматчылардын кызматтык милдеттерин аткарууда өлүмү жана/же денесине жаракат алуулары менен байланышкан мамлекеттик бюджеттин каражаттарынан алынган компенсациялык төлөмдөрдүн жана жөлөкпулдардын суммалары;

9) каза болгон жумушчунун жакын туугандары же жакын тууганы өлгөнүнө байланыштуу жумушчунун жумуш берүүчүдөн кайтарымсыз алынган суммалар;

10) ден соолукка келтирилген зыяндын ордун толтуруу суммасы, ошондой эле кызматчы эмгектик милдеттерин аткарууда мертинген, каза болгон учурда Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык төлөнүүчү суммалар;

11) атайын кийимдин, атайын бут кийимдин, жеке коргонуу каражаттарынын, самындын, зыянсыздандыруучу каражаттардын наркы; эмгектин зыяндуу же коркунучтуу шарттарындагы иштерде иштеген кызматчыларга Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында белгиленген ушундай иштердин жана ченемдердин тизмегине ылайык сүттүн жана башка дарылоо-профилактикалык тамак-аштын наркы;

12) Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык кызматчыларга милдеттүү медициналык текшерүүнүн жана дарылоо-алдын алуу тейлөөнүн наркы;

13) кызматчыга иш сапарына кеткен чыгашаларды, ошондой эле уюмду башкаруу органынын мүчөлөрү тарабынан өз милдеттерин аткарууда тарткан чыгашаларын компенсациялоо суммалары:

а) дайындалган жерге баруу жана кайра келүү боюнча - берилген документтерге жараша;

б) турак жайды жалдоо боюнча - берилген документтерге жараша;

в) суткалык - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен нормалардын чектеринде.

Ушул пункттун "а" жана "б" пунктчаларында көрсөтүлгөн документтер жок болгон учурда иш сапарынын чыгашалары боюнча ордун толтуруунун суммасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген нормалардын чектеринде салык салуудан бошотулууга тийиш;

14) өз кызматчыларын милдеттүү камсыздандыруу боюнча жумуш берүүчү тарабынан төлөнүүчү камсыздандыруу сыйакыларынын суммасы, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылуучу ушундай келишимдер боюнча төлөмдөр;

15) ушул Кодекстин 195-беренесинде каралган кызматчыны даярдоого жана кайра даярдоого багытталган жумуш берүүчүнүн чыгашалары;

16) эгерде ушул берене менен башкача каралбаса, Граждандык, Улуу Ата Мекендик согуштардын майыптарынын жана катышуучуларынын, мамлекеттер аралык макулдашуулар боюнча Афганистан жана башка мамлекеттердеги согуштарга катышкандардын, Улуу Ата Мекендик согуштун жылдарында ооруктагы кайратман эмгеги жана кынтыксыз аскердик кызматы үчүн СССРдин ордендери жана медалдары менен сыйланган адамдардын, Баткен окуяларынын катышуучуларынын, Чернобыль АЭСиндеги кырсыкты жоюуга катышкан адамдардын, Граждандык, Улуу Ата Мекендик согуштарда курман болгондордун жесирлеринин же жесилдеринин ишкердик иш-аракеттерден алынган кирешелеринен башка кирешелери;

17) жеке ишкерлерди кошпогондо, жеке адамдардын айыл чарба продукцияларын сатуудан алган кирешелери;

18) жумуш берүүчү тарабынан кызматчынын 14 жашка чейинки балдары (багуусундагылар) үчүн 10 эсептик көрсөткүчтөн көп эмес өлчөмдө берилүүчү жаңы жылдык белектер түрүндөгү кирешелер;

19) бюджеттик каражаттардын эсебинен олимпиада оюндарынын чемпиондоруна жана байге ээлерине, спорттун түрлөрү боюнча Кыргыз Республикасынын курама командаларынын мүчөлөрүнө төлөнүүчү стипендиялар, Олимпиада оюндарынын, дүйнөлүк, Азия чемпионаттарынын жана Азия оюндарынын чемпиондору жана байге ээлери болушкан курама командалардын мүчөлөрүнө бир жолу берилүүчү сыйакылар;

20) аскер кызматчыларынын, ички иштер маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, экономикалык кылмыштар менен күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлеринин, жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринин жана органдарынын кызматкерлеринин азык-түлүк паегунун ордуна берилген акчалай үлүш жана компенсациялар түрүндөгү кирешелери;

21) ишке орноштуруу кызматы органдары уюштурган акы төлөнүүчү коомдук жумуштарда алектенген жарандардын эмгегине төлөнгөн акылар;

22) майыптарга, пенсионерлерге, жетим балдарга жана көп балалуу энелерге же аталарга кесиптик бирлик органдары тарабынан жүргүзүлгөн төлөмдөр түрүндө алынган киреше;

23) Кыргыз Республикасынын банктарындагы аманаттар боюнча пенсионерлер, майыптар, Граждандык, Улуу Ата Мекендик согуштардын катышуучулары, мамлекеттер аралык макулдашуулар боюнча Афганистан жана башка мамлекеттердеги согуштарга катышкан аскер кызматчылары, Улуу Ата Мекендик согуштун жылдарында ооруктагы кайратман эмгеги жана кынтыксыз аскердик кызматы үчүн СССРдин ордендери жана медалдары менен сыйланган адамдар, Баткен окуяларынын катышуучулары, Чернобыль АЭСиндеги кырсыкты жоюуга катышкан адамдар, I жана II топтогу майыптар алуучу пайыздар;

24) Кыргыз Республикасынын жеке жактары - резиденттери тарабынан ата мекендик уюмдарга катышуудан алынган, ошондой эле ушул Кодекстин 221-2-беренесине ылайык 0 пайыздык ставка боюнча пайдага салык салынуучу пайданын бөлүгү түрүндө Кыргыз Республикасынын резиденти эмес - жеке жагы тарабынан алынган дивиденддер;

25) үчүнчү тараптан алынган киреше:

а) майып тарабынан - майыптар үчүн техникалык каражаттар үчүн акы төлөө түрүндө;

б) майып тарабынан - майыптуулукту профилактикалоо жана реабилитациялоо үчүн, майыптар үчүн узатуучу-иттерди багуу суммасынын өлчөмүндө;

в) майып, пенсионер, жетим балдар, 4 же андан ашык жашы жетелек балдары бар көп балалуу үй-бүлөлөр тарабынан - жөлөкпулдар түрүндө алынган;

г) социалдык жактан корголбогон адам тарабынан - акысыз тамактануу түрүндө алынган;

26) кан тапшырганы үчүн, Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында каралган донорлуктун башка түрлөрүнөн алынган суммалар;

27) Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык алынуучу алименттер;

28) жубайлардын же мурдагы жубайлардын ортосунда ажырашуунун кесепетинен улам менчикти өткөрүп берүүдөн алынган кандай болбосун киреше;

29) ишкердикти жүзөгө ашыруудан алынган мүлктү, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү кошпогондо, жеке адам тарабынан мурастоо же белекке берүү тартибинде жакын туугандарынан алынган мүлктүн, жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы;

30) жеке адам тарабынан гуманитардык жардам түрүндө алынган мүлктүн наркы;

31) наркы 10 эсептик көрсөткүчтөн ашпаган утуштар түрүндө алынган кирешенин кандай болбосун түрлөрү;

32) салык төлөөчү тарабынан жеке максаттар үчүн пайдаланылган жана ишкердик ишти жүзөгө ашыруу максатында эмес сатылып алынган, кыймылдуу жана/же кыймылсыз мүлктү сатуудан алынган киреше, төмөнкү учурлардан тышкары:

а) сатып алган күндөн тартып бир жылдан кем эмес жеке менчик укугунда таандык болгон автомототранспорттук каражаттарды сатуудан алынган киреше;

б) кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды мамлекеттик каттоонун бирдиктүү тутумунун органынын маалыматтарына ылайык турак жай фондуна таандык болгон жана ушул кыймылсыз мүлк сатып алынган күндөн тартып удаа келген 2 жылдан кем жеке менчик укугунда турган кыймылсыз мүлктү сатуудан алынган киреше;

33) катышуучунун кошкон үлүшүнүн же пайынын өлчөмүндө же үлүштүк баалуу кагаздардан кайтаруу суммасы;

34) (КР 2015-жылдын 8-июнундагы № 124 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

35) Кыргыз Республикасынын банктарына аманаттар боюнча пайыздар;

36) пайыздык киреше жана сатуу күнүнө карата листингдин эң жогорку жана эң жогоркудан кийинки категориялары боюнча фондулук биржанын листингиндеги баалуу кагаздардын наркынын өсүшүнөн кирешелер;

37) мамлекет, коммерциялык эмес уюмдар тарабынан социалдык реабилитациялоого же адаптациялоого, медициналык жардамга муктаж болгон, жашоо деңгээлинен төмөн кирешеси бар төмөнкү адамдарга акысыз берилүүчү активдер:

а) качкындарга;

б) катуу оорулууларга;

38) Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык бийик тоолуу шарттарда жана жетүүгө кыйын алыскы зоналарда иштегени үчүн белгиленген үстөктөрдүн жана райондук коэффициенттердин өлчөмү;

39) эл аралык конкурстарга, фестивалдарга катышуудан байге түрүндө алынган суммалар;

40) эл аралык уюмдар (фонддор) ыйгарган сыйлыктар түрүндө алынган суммалар;

41) Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын кызматчыларын, мамлекеттик кызматчыларды жана башка кызматкерлерди - Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринде, ошондой эле чет өлкөлөрдө жайгашкан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын өкүлчүлүктөрүндө же эл аралык уюмдарда иштеген Кыргыз Республикасынын жарандарын акчалай күтүү;

42) диний уюмдардын кызматкерлеринин эмгек акы. сыйлык акылары, компенсациялары жана башка компенсациялоочу жана кызыктырууну мүнөздөгү төлөмдөрү түрүндөгү кирешелери;

43) жеке адамдардын диний каадаларды, ырым-жырымдарды, зыйнаттарды көрсөтүүдөн ажылык зыяратты уюштуруу жана өткөрүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдөн түшкөн кирешелери.

44) кайтарылуучу камсыздандыруу сыйлыктары жана төлөп берүүчү суммалар, ошондой эле ушул Кодекстин 165-беренесинин 1-бөлүгүнүн 18-пунктунда көрсөтүлгөн учурларды кошпогондо, ишкердик ишти жүзөгө ашырууга байланышпаган жеке жак менен түзүлгөн камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруу учуру келгенде камсыздандыруу суммалары жана ордун толтуруу.

(КР 2012-жылдын 6-октябрындагы № 169, 2013-жылдын 30-июлундагы № 164, 2014-жылдын 15-мартындагы № 50, 2015-жылдын 8-июнундагы № 124, 2015-жылдын 31-июлундагы № 208, 2016-жылдын 7-июлундагы № 102, 2016-жылдын 18-ноябрындагы № 181, 2017-жылдын 23-ноябрындагы № 195 , 2018-жылдын 10-декабрындагы № 99 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [166-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-166)  
Кийинки берене: [168-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-168)
