# 163-берене. Салык базасы

- Документ: [Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/202445)
- Документтеги орду: 22-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябры № 230 "Салык кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 230
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Акыркы өзгөртүү: [ЗАКОН КР от 4 августа 2018 года N 86 "О внесении изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111823)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 04.08.2018 [ЗАКОН КР от 4 августа 2018 года N 86 "О внесении изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111823); 06.10.2012 [Закон КР от 6 октября 2012 года № 169 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203769); 08.08.2012 [Закон КР от 8 августа 2012 года № 154 "О внесении изменения и дополнения в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203754); 27.07.2009 [Закон КР от 27 июля 2009 года № 255 О внесении дополнений и изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики "](https://aqlex.ai/kg/doc/202732)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445#diff=1120981..1120984>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-163>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-40/edition/1120877/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202445/st-163.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык кодекси, 163-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-163

---

1. Киреше салыгы боюнча салык базасы - эгер бул беренеде башкача каралбаса, салык төлөөчү тарабынан салык мезгили үчүн алынган жылдык жыйынды кирешенин жана ушул бөлүмдө каралган чегеримдердин ортосундагы айырма катары эсептелген киреше.

2. Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодекси менен жөнгө салынуучу мамилелер пайда болгондо, салык салына турган бир айдагы киреше ушул беренеге ылайык белгиленген минималдуу кирешенин эсептик көрсөткүчүнөн кем болушу мүмкүн эмес.

3. Кыргыз Республикасынын райондору жана шаарлары боюнча кийинки календардык жылга бир айдагы минималдуу эсептик киреше Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленүүчү тартипте мамлекеттик статистикалык органдын маалыматтарынын негизинде, кызматкерлердин өткөн жылдагы орточо эмгек акысынын 40 пайыз өлчөмүндө аныкталат.

Минималдуу эсептик кирешенин өлчөмү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тармактык комитети менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан үстүдөгү жылдын 1-октябрына чейин аныкталат. Минималдуу эсептик кирешенин өлчөмү учурдагы жылдын 1-ноябрынан кечиктирилбеген мөөнөттө расмий жарыялануусу тийиш. Эгерде минималдуу эсептик кирешенин өлчөмү кийинки календардык жылга ушул Кодексте каралган тартипте белгиленбесе, өткөн жылдагы минималдуу эсептик кирешенин өлчөмү колдонулат.

4. Эмгек акыларын төмөнкүдөй формада алуучу кызматкерлер үчүн минималдуу эсептик киреше колдонулбайт:

1) бюджеттик каражаттардын эсебинен;

2) кызматтарды айкалыштыргандыгы боюнча;

3) кенже тейлөөчү персоналдын;

4) турак-жай менчик ээлеринин шериктештиктеринин, кондоминиумдардын, курулуш-турак-жай, гараждык жана бак-чарбак кооперативдеринин кызматкерлеринин;

5) I, II жана III топтогу майыптардын;

6) эркинен ажыратуу жайларында же поселениелерде жаза мөөнөтүн өтөө убагында иштеген адамдардын.

5. Салык салуу максатында кенже тейлөөчү кызматчылар деп, вахтерлор, үй жыйноочулар, короо жыйноочулар, санитарлар, лаборанттар, от жагуучулар, стажерлор, шакирттер, кароолчулар таанылат.

6. Толук эмес жумуш убактысы колдонулган учурда кызматкерлер үчүн минималдуу эсептик киреше жумуш берүүчү тарабынан төмөнкүлөрдүн иш жүзүндө иштеген мезгилине карата пропорционалдуу колдонулат:

1) жумушка жараксыздыгы жана төрөгөндүгү боюнча жөлөк пул алгандардын;

2) толук эмес иш күнүн иштегендердин;

3) өргүүдө, анын ичинде акы төлөнбөгөн өргүүдө жүргөндөрдүн;

4) кайрадан кабыл алынгандардын же бир ай толук эмес иштеп бошотулгандардын.

(КР 2009-жылдын 27-июлундагы № 255, 2012-жылдын 8-августундагы № 154, 2012-жылдын 6-октябрындагы № 169, 2018-жылдын 4-августундагы № 86 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [162-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-162)  
Кийинки берене: [164-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-164)
