# 160-берене. Бул бөлүмдө колдонулуучу түшүнүктөр жана терминдер

- Документ: [Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/202445)
- Документтеги орду: 22-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябры № 230 "Салык кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 230
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 8 апреля 2015 года № 74 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111118)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 08.04.2015 [Закон КР от 8 апреля 2015 года № 74 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111118); 25.07.2012 [Закон КР от 25 июля 2012 года № 123 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203723)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445#diff=1120944..1120945>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-160>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-40/edition/1120877/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202445/st-160.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык кодекси, 160-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-160

---

Бул бөлүмдүн максаттары үчүн төмөнкүдөй түшүнүктөр жана терминдер колдонулат:

1) "Утуштар" - оюндарга, лотереяларга, утуштарга, конкурстарга, мелдештерге, олимпиадаларга, фестивалдарга жана башка ушундай иш-чараларга катышуудан салык төлөөчү ала турган натуралай жана акчалай төлөмдөрдүн, байгелердин жана башка кирешелердин ар кандай түрлөрү.

2) "Киреше" - активдердин көбөйүшү, акча наркына ээ болгон материалдык баалуулуктарды алуу жана/же материалдык пайда көрүү, ошондой эле салык төлөөчүнүн милдеттенмелерин азайтуу.

3) "Багуудагы адам" - салык төлөөчүнүн кирешесинин эсебинен жашаган, кирешеси жок анын жакын тууганы.

4) "Салык агенти" - жеке ишкер болуп эсептелбеген жеке адамга киреше төлөөчү уюм же жеке ишкер.

(КР 2012-жылдын 25-июлундагы № 123, 2015-жылдын 8-апрелиндеги № 74 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [1591-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-1591)  
Кийинки берене: [161-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-161)
