# 16-берене. Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген мөөнөттөрдү эсептөөнүн тартиби

- Документ: [Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/202445)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябры № 230 "Салык кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 230
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 мая 2012 года № 55 "О внесении изменений и дополнений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203655)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445#diff=1120904..1120905>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-16>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-40/edition/1120877/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202445/st-16.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык кодекси, 16-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-16

---

1. Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген мөөнөт календардык дата менен же жылдар, айлар же күндөр менен эсептелүүчү убакыт мезгилинин бүтүшү менен аныкталат. Мөөнөт, ошондой эле, сөзсүз болууга тийиш окуяга карата көрсөтмө менен аныкталышы мүмкүн.

2. Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында каралган ар кандай мөөнөттүн аралыгы тийиштүү дата башталгандан кийинки, убакыттын же окуянын мезгили бүткөндөн кийинки күндөн тартып башталат.

Ушул Кодекс менен белгиленген датага чейин Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында көрсөтүлгөн мөөнөт аяктаган учурда, ар кандай мөөнөттүн башталышы ушул дата болгондон кийинки күндөн башталат.

3. Жылдар менен эсептелүүчү мөөнөт анын акыркы жылынын тиешелүү айында же күнүндө бүтөт. Мында жыл деп катар келүүчү он эки календардык айдан турган убакыт аралыгы саналат.

Календардык жыл деп ар бир жылдын 1-январынан башталуучу жана ошол жылдын отуз биринчи декабрында аяктоочу убакыт мезгили саналат.

4. Айлар менен эсептелүүчү мөөнөт тиешелүү айда жана мөөнөттүн акыркы айынын акыркы күнүндө бүтөт. Мында ай деп календардык ай эсептелет.

5. Жылдар же айлар менен эсептелүүчү мөөнөттөр, эгерде мөөнөттүн бүтүшү үчүн айдын тийиштүү күнү көрсөтүлбөсө, ошол айдын акыркы күнүндө бүтөт.

6. Мөөнөттүн акыркы күнү жумуш эмес күнгө туура келсе, мөөнөттүн аяктоо күнү деп андан кийинки жумуш күнү эсептелет.

7. Аткарылуу мөөнөтү белгиленген аракеттер ошол мөөнөттүн акыркы күнүнүн жумуш убактысы аяктаганга чейин аткарылышы мүмкүн.

(КР 2012-жылдын 18-майындагы № 55 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-15)  
Кийинки берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-17)
