# 158-берене. Өзүнчө эсепке алуу жана аны жүргүзүү эрежелери

- Документ: [Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/202445)
- Документтеги орду: 21-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябры № 230 "Салык кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 230
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Акыркы өзгөртүү: [ЗАКОН КР от 4 августа 2018 года N 86 "О внесении изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111823)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445#diff=1120981..1120984>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-158>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-40/edition/1120877/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202445/st-158.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык кодекси, 158-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-158

---

1. Иштин түрлөрүн жүзөгө ашыруучу, алар үчүн ушул Кодексте салык салуунун ар кандай шарттары каралган салык төлөөчүлөр салык салуу объекттерине өзүнчө эсепке алуу жүргүзүүгө милдеттүү, анын ичинде:

1) жеке ишине жана жөнөкөй шериктештиктин ишине карата жөнөкөй шериктештик келишимине ылайык эсепке алуу жүргүзүү милдети жүктөлгөн салык төлөөчү;

2) жеке ишине жана ишенимдүү башкарууну уюштуруучунун мүлкүн башкаруу боюнча ишке карата ишенимдүү башкаруу келишимине ылайык эсепке алуу жүргүзүү милдети жүктөлгөн салык төлөөчү;

3) ар кандай салык режимдерин колдонуу менен ишти жүзөгө ашырган салык төлөөчү;

4) салык салуунун ар кандай шарттарына тийиштүү иштин түрлөрүн жүзөгө ашырган салык төлөөчү.

2. Өзүнчө эсепке алуу салык төлөөчүлөр тарабынан бухгалтердик эсепке алуу маалыматтарынын негизинде жүргүзүлөт.

3. Иштин түрлөрүнүн ортосунда чыгашаларды бөлүштүрүүдө салык төлөөчү иштин ушул түрүнө тийиштүү көрсөткүчтөрдүн каалаганын тандап алууга укуктуу:

1) сатуудан түшкөн акча;

2) түз чыгашалар;

3) жайлардын аянты.

Чыгашалар товардын, иштердин, кызмат көрсөтүүлөрдүн ар бир түрүнө туура келип, тандап алынган көрсөткүчтүн үлүшүнө пропорционалдуу бөлүштүрүлөт. Салык салуунун ар кандай шарттары каралган иштин түрлөрүнүн ортосундагы чыгашаларды бөлүштүрүү салык төлөөчүнүн салык саясатында белгиленүүгө тийиш. Эгерде чыгашаларды бөлүштүрүү үчүн тандап алынган көрсөткүч салык төлөөчү тарабынан ушул беренеге ылайык белгиленбесе, ыйгарым укуктуу салык органы ушул беренеде белгиленген каалаган көрсөткүчтү колдонуу менен салык төлөөчүнүн чыгашаларын өз алдынча бөлүштүрүүгө укуктуу. Иштин белгилүү бир түрүнө таандык болгон кирешелер жана чыгашалар ушул Кодекстин талаптарына ылайык эсепке алуу жүргүзүү документтери менен ырасталууга тийиш. (КР 2018-жылдын 4-августундагы № 86 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [157-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-157)  
Кийинки берене: [159-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-159)
