# 155-берене. Салыктык эсепке алуу методу

- Документ: [Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/202445)
- Документтеги орду: 21-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябры № 230 "Салык кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 230
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-155>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-40/edition/1120877/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202445/st-155.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык кодекси, 155-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-155

---

1. Салык төлөөчү эгерде ушул Кодексте башкача каралбаса, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бухгалтердик эсепте колдонулуучу методдор жана эрежелер боюнча салык салуу максатында активдердин наркын, милдеттенмелердин өлчөмүн, кирешелерди жана чыгашаларды аныктайт.

Эсепке алуунун башка методуна өтүү салык органына кабарлоо менен 1-январдан тартып салык төлөөчү тарабынан жүргүзүлөт.

2. Салык төлөөчү колдонуучу эсепке алуу методдору, кирешелерди, чыгашаларды жана салыктын суммасына таасир этүүчү башка элементтерди оңдоолор өзгөргөндө жогоруда көрсөтүлгөн элементтердин бири да көз жаздымда калбашы же эки жолу эсептелбеши үчүн оңдоолор киргизилген жылында эсепке алуу методуна өзгөртүү киргизилүүгө тийиш.

3. Чет өлкөлүк валютадагы операцияларды Кыргыз Республикасынын улуттук валютасына кайра эсептөө бухгалтердик эсептин эрежелерине ылайык ишке ашырылат.

4. Бардык салыктарга карата бартердик операциялар мындай операцияларды эсеп фактуралар менен милдеттүү жол-жоболоштуруу аркылуу колдонулуучу баа боюнча товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатуу деп таанылат.

---

Мурунку берене: [154-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-154)  
Кийинки берене: [156-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-156)
