# 154-берене. Салыктык эсепке алуу жана салык төлөөчүнүн салык саясаты

- Документ: [Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/202445)
- Документтеги орду: 21-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябры № 230 "Салык кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 230
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Акыркы өзгөртүү: [ЗАКОН КР от 4 августа 2018 года N 86 "О внесении изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111823)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445#diff=1120981..1120984>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-154>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-40/edition/1120877/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202445/st-154.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык кодекси, 154-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-154

---

1. Салыктык эсепке алуу ушул Кодекске ылайык салык төлөөчүнүн салык саясатында чагылдырылуучу салыктык милдеттенмелерди эсептөө үчүн маалыматтарды жалпылоо системасын билдирет.

2. Салык саясаты салык төлөөчү тарабынан түзүлгөн документ болуп саналат, анда төмөнкүлөр белгиленет:

1) салык салуу элементтери жана салыктык базанын эсеп-кысабынын өзгөчөлүктөрү;

2) кирешелерди жана чыгашаларды салыктык эсепке алуунун методдору;

3) топтор боюнча негизги каражаттарды идентификациялоонун тартиби;

4) салыктык амортизациянын методдору;

5) эгерде салык төлөөчү ушул Кодекстин талаптарына ылайык өзүнчө эсепке алууну жүргүзүүгө милдеттүү болсо, өзүнчө эсепке алууну жүргүзүү эрежелери;

6) салык төлөөчү тарабынан салык салынуучу жана бошотулган беримдерди жүзөгө ашырууда эсепке алынууга тийиш болгон КНСтин суммасын аныктоо тартиби;

7) акциз алынуучу сырьедон акциз алынуучу товарды өндүрүүдө эсептен чыгарылууга тийиш болгон акциздин суммасын аныктоо тартиби;

8) баштапкы салыктык документтердин тизмеги;

9) салыктык эсепке алуунун регистрлери;

10) салыктык милдеттенмелерди эсептөөгө жана аткарууга тиешеси бар салыктык эсепке алуунун башка методдору.

3. Эгерде ушул Кодексте башкасы каралбаса, салык төлөөчүнүн салык саясаты Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыгат.

4. Салык саясатына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө чечим календардык жылдын башынан тартып, ал эми Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын өзгөртүүдө - салык мыйзамдарын өзгөртүү күчүнө кирген күндөн эрте эмес колдонулат.

(КР 2018-жылдын 4-августундагы № 86 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [153-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-153)  
Кийинки берене: [155-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-155)
