# 149-берене. Салык төлөөчүнүн даттанууларын кароонун тартиби

- Документ: [Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/202445)
- Документтеги орду: 20-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябры № 230 "Салык кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 230
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 20 февраля 2017 года № 27 "О внесении изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111535)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 20.02.2017 [Закон КР от 20 февраля 2017 года № 27 "О внесении изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111535); 18.05.2012 [Закон КР от 18 мая 2012 года № 55 "О внесении изменений и дополнений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203655)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445#diff=1120966..1120967>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-149>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-40/edition/1120877/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202445/st-149.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык кодекси, 149-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-149

---

1. Салык төлөөчүнүн даттануусуна мындай даттануу алынган күндөн кийинки күндөн тартып 30 календарлык күндөн кечиктирбеген мөөнөттө даттануунун маанисине карата чечим жиберилет.

Даттанууну кароо мөөнөтү ыйгарым укуктуу салык органына даттануу катталган күндөн кийинки күндөн тартып эсептелет жана салык төлөөчүгө чечим жооп жиберилген күндө бүтөт.

2. Эгерде даттанууну кароо мезгилинде салык төлөөчүдөн өз ара байланыштуу салыктар жана төлөмдөр боюнча баштапкы даттанууга толуктоо түшсө, негизги жана кошумча даттануулар боюнча кароо мөөнөтү толуктоо түшкөн күндөн кийинки күндөн тартып башталат.

Даттанууну кароо мөөнөтү эл аралык келишимдерге ылайык башка мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдарына, салык маселелери боюнча жоболорду колдонуунун тартибин түшүндүрүү үчүн тийиштүү органдарга суроо-талаптарды жиберүү, утурлама текшерүүлөрдү, кайра текшерүүлөрдү дайындоо учурларында токтотулуп турат. Салык төлөөчүгө даттануу боюнча акыркы чечим ушул пунктта каралган жол-жоболорду аткаргандан кийин кабыл алына тургандыгы тууралуу аралык чечим жиберилет. Ушул бөлүктө каралган мөөнөттөрдү узартуу жана токтотуп туруу күндөрүн кошуп алганда, даттанууну кароо мөөнөтү даттанууну берген күндөн кийинки күндөн тартып 90 күндөн ашпоого тийиш

3. Салык төлөөчүнүн даттануусу, эгерде ыйгарым укуктуу салык органы ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө каралган мөөнөттө чечим жибербесе, канааттандырылды деп эсептелет.

4. Даттанууну кароонун жыйынтыктары боюнча ыйгарым укуктуу салык органы төмөндөгү чечимдердин бирин кабыл алат:

1) салык төлөөчүнүн даттануусун канааттандырат;

2) салык төлөөчүнүн даттануусун жарым-жартылай канааттандырат;

3) салык төлөөчүнүн даттануусун канааттандыруудан баш тартат.

Ушул бөлүктүн 1 жана 2-пункттарына ылайык ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан кабыл алынган чечим салык кызматы органынын мурдагы чечимин жокко чыгарат.

5. Ыйгарым укуктуу салык органы чечимди салык төлөөчүгө ушул Кодекстин 82-беренесинде каралган тартипте тапшырат, ошондой эле чечимине доо арызы берилген салык кызматы органына жиберет.

Ыйгарым укуктуу салык органынын чечиминин негизинде чечимине даттанылган салык кызматынын органы ушул берененин 4-бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттарында каралган учурларда ушул Кодекстин 106-беренесинин 2-6-бөлүктөрүнө ылайык жаңы чечим чыгарууга милдеттүү.

6. Эгерде даттанууда мурда жиберилген даттанууларга мааниси боюнча байланыштуу ал боюнча чечимдер арыз ээсине бир нече ирет жөнөтүлгөн маселелерди камтыса жана даттанууда жаңы негиздер же жагдайлар келтирилбесе, ыйгарым укуктуу салык органы кезектеги даттануунун негизсиздиги жана көрсөтүлгөн даттануу, мурда жиберилген даттануулар бир эле органга жиберилген шартта бул маселе боюнча салык төлөөчү менен кат жазышууларды токтотуу жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу. Бул чечим жөнүндө салык төлөөчүгө жазуу жүзүндө кабарланат.

7. Берилген даттануу боюнча ыйгарым укуктуу салык органынын чечимине макул болбогон салык төлөөчү бул чечимге администрациялык иштер үчүн белгиленген өзгөчөлүктөрү менен жарандык сот өндүрүшүнүн жалпы эрежелери боюнча сот тартибинде даттанууга укуктуу.

Караңыз: КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2017-жылдын 17-февралындагы № 11-р чечими (КР 2012-жылдын 18-майындагы № 55, 2017-жылдын 20-февралында № 27 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [148-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-148)  
Кийинки берене: [150-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-150)
