# 148-берене. Салык төлөөчүнүн даттануусунун формасы жана мазмуну

- Документ: [Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/202445)
- Документтеги орду: 20-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябры № 230 "Салык кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 230
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 мая 2012 года № 55 "О внесении изменений и дополнений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203655)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445#diff=1120904..1120905>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-148>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-40/edition/1120877/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202445/st-148.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык кодекси, 148-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-148

---

1. Салык төлөөчү даттанууну жазуу жүзүндө берет.

2. Даттанууда төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:

1) даттанууну берүү датасы;

2) даттануу берилген салык кызматынын органынын аталышы;

3) даттанууну берген адамдын аты-жөнү же болбосо толук аталышы, анын жашаган жери (турган жери);

4) салык төлөөчүнүн идентификациялык салык номери;

5) чечимине даттануу берилген салыктык кызмат органынын аталышы;

6) даттануу берип жаткан салык төлөөчү өзүнүн талабын негиздеген жагдайлар жана бул жагдайларды тастыктоочу далилдер;

7) тиркелүүчү документтердин тизмеси;

8) даттанылуучу чечимдердин реквизиттери.

3. Даттанууда талаш-тартышты чечүү үчүн мааниси бар башка маалыматтар да көрсөтүлүшү мүмкүн.

4. Даттанууга салык төлөөчү кол коет.

5. Даттанууга төмөнкүлөр тиркелет:

1) салыктык контролдун натыйжалары боюнча материалдардын жана актынын көчүрмөлөрү;

2) ал боюнча чечимдин көчүрмөсү;

3) салык төлөөчү өзүнүн талаптарын негиздеген жагдайларды ырастоочу, салык төлөөчү жана башка органдар күбөлөндүргөн документтер;

4) ишке тиешеси бар башка документтер.

(КР 2012-жылдын 18-майындагы № 55 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [147-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-147)  
Кийинки берене: [149-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-149)
