# 145-берене. Салык кызматы органдарынын кызмат адамдарынын жоопкерчилиги

- Документ: [Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/202445)
- Документтеги орду: 19-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябры № 230 "Салык кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 230
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 6 июня 2017 года № 98 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам защиты предпринимательской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111609)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 06.06.2017 [Закон КР от 6 июня 2017 года № 98 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам защиты предпринимательской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111609); 25.07.2012 [Закон КР от 25 июля 2012 года № 125 "О внесении изменения в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203725)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445#diff=1120972..1120973>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-145>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-40/edition/1120877/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202445/st-145.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык кодекси, 145-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-145

---

1. Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын бузууга күнөөлүү салык кызматы органынын кызмат адамы ушул Кодексте жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзам актыларында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартат.

2. Укукка каршы аракеттерди жана/же аракетсиздикти жасаган салык кызматы органынын кызмат адамы, анын күнөөсү сот тартибинде белгиленгенден кийин салык кызмат органдарында кандайдыр бир кызмат ордун ээлөөгө укуксуз.

3. Салык кызматы органдарынын кызмат адамдарынын салык төлөөчүнүн укугун бузган укукка сыйбаган аракеттеринин жана/же аракетсиздигинин натыйжасында, ошондой эле ошол кызмат адамдарынын салык төлөөчүгө карата ушул Кодексте каралган милдеттерди талаптагыдай жүзөгө ашырбоосунун кесепетинен салык төлөөчүгө келтирилген зыяндар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте, кызмат адамдары жана салык кызматы органдары тарабынан орду толтурулууга жатат.

(КР 2012-жылдын 25-июлундагы № 125, 2017-жылдын 6-июнундагы № 98 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [144-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-144)  
Кийинки берене: [146-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-146)
