# 142-берене. Салыктын суммаларын азайтуу

- Документ: [Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/202445)
- Документтеги орду: 19-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябры № 230 "Салык кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 230
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 27 июля 2009 года № 255 О внесении дополнений и изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики "](https://aqlex.ai/kg/doc/202732)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445#diff=1120883..1120884>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-142>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-40/edition/1120877/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202445/st-142.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык кодекси, 142-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-142

---

Эгерде салыктык отчеттуулукта көрсөтүлгөн салыктын суммасы салыктык отчетто көрсөтүлүүгө тийиш болгон салыктын суммасына салыштырмалуу азайтылса, салык төлөөчүгө:

1) текшерилүүчү календардык жылдан мурдагы жыл үчүн жалпы жылдык кирешеге карата салыктын суммасы 2 пайызга чейинки өлчөмдө азайтылса - салык санкциясы колдонулбайт;

2) текшерилүүчү календардык жылдан мурдагы жыл үчүн жалпы жылдык кирешеге карата салыктын суммасы 2ден 5 пайызга чейинки өлчөмдө азайтылса - салыкты азайтуу суммасынын 50 пайыз өлчөмүндө салыктык санкция колдонулат;

3) текшерилүүчү календардык жылдан мурдагы жыл үчүн жалпы жылдык кирешеге карата салыктын суммасы 5 пайыздан ашуун өлчөмдө азайтылса - салыкты азайтуу суммасынын 100 пайыз өлчөмүндө салыктык санкция колдонулат.

(КР 2009-жылдын 27-июлундагы № 255 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [141-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-141)  
Кийинки берене: [143-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-143)
