# 14-берене. Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын мейкиндик, убакыт жана адамдар чөйрөсү боюнча колдонулушу

- Документ: [Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/202445)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябры № 230 "Салык кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 230
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 марта 2019 года № 40 "О внесении изменений в Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111884)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 29.03.2019 [Закон КР от 29 марта 2019 года № 40 "О внесении изменений в Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111884); 12.08.2016 [Закон КР от 12 августа 2016 года № 167 "О внесении изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111446)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445#diff=1120988..1120989>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-40/edition/1120877/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202445/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык кодекси, 14-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-14

---

1. Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары, тиешелүү аймакта колдонулуучу жергиликтүү кеңештердин ченемдик укуктук актыларын кошпогондо, Кыргыз Республикасынын бардык аймактарында колдонулат.

2. Ушул Кодекске жаңы салыктарды белгилөө, салыктардын ставкаларын жогорулатуу бөлүгүндө, салыктык жеңилдиктерди алып салуу жана/же салыктарды төлөөдөн бошотууну алып салуу жана/же жаңы салыктык жеңилдиктерди берүү жана/же салыктарды төлөөдөн бошотууну берүү боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүүчү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аларды күчүнө киргизүүнүн башкача тартиби белгиленбесе, алар расмий жарыяланган күндөн баштап кеминде 2 ай өткөндөн кийин, алдыдагы салыктык мезгилдин биринчи күнүнөн тартып күчүнө кирет.

3. Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары артка карай колдонулушу мүмкүн, эгерде бул өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө ченемдик укуктук актыда түздөн-түз каралса, ал:

1) салык жоюлса;

2) салыктын ставкаларынын өлчөмү төмөндөтүлсө;

3) салыктык укук мамилелеринин катышуучусу милдетинен бошотулса;

4) Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын талаптарын бузгандык үчүн жоопкерчиликтен бошотулса же жоопкерчилик азайтылса;

5) салыктык укук мамилелеринин катышуучусунун укуктарын коргоонун кошумча кепилдиктери белгиленсе;

6) салыктык укук мамилелеринин катышуучусунун абалы башкача түрдө жакшыртылса.

4. Жаңы салыктарды белгилөөчү; салыктардын ставкаларынын өлчөмдөрүн жогорулатуучу; салыктык укуктарды бузгандык үчүн жоопкерчиликти белгилөөчү же күчөтүүчү; салыктык укук мамилелеринин катышуучуларынын жаңы салык милдеттенмелерин белгилөөчү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары артка карай колдонулбайт.

(КР 2016-жылдын 12-августундагы № 167, 2019-жылдын 29-мартындагы № 40 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-13)  
Кийинки берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-15)
