# 137-берене. Салыктык укук бузуу үчүн жоопкерчиликке тартуунун жалпы принциптери

- Документ: [Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/202445)
- Документтеги орду: 18-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябры № 230 "Салык кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 230
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР 21 ноября 2019 года № 130 "О внесении изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111977)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445#diff=1120997..1120998>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-137>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-40/edition/1120877/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202445/st-137.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык кодекси, 137-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-137

---

1. Ушул Кодексте жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздерден жана тартиптен тышкары салыктык укук бузуу жасагандыгы үчүн эч ким жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн эмес.

2. Эч ким бир эле салыктык укук бузуу жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке кайрадан тартылбайт.

3. Салыктык укук мамилелеринин катышуучусун салыктык укук бузуу жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартуу анын кызмат адамдарын тийиштүү негиздер болсо, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинде, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинде жана Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинде каралган жоопкерчиликтен бошотпойт.

4. Салыктык укук бузуу жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартуу салык төлөөчүнү салыктык милдеттенмесин аткаруу, ошондой эле эсептелген туум-айыптын жана салык санкцияларынын суммасын төлөө милдеттенмесинен бошотпойт.

5. Салыктык укук мамилелеринин катышуучусу күнөөсү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте далилденмейинче салыктык укук бузууну жасоого күнөөлүү деп эсептелбейт.

6. Жоопкерчиликке тартылуучу салык төлөөчү жана анын кызмат адамы салыктык укук бузууну жасоодо өзүнүн күнөөлүү эместигин далилдөөгө милдеттүү эмес.

7. Салыктык укук бузуу фактысы жана аны жасалышына адамдын күнөөлүү экендигин күбөлөндүргөн жагдайды далилдөө милдети салык кызматынын органдарына жүктөлөт.

(КР 2019-жылдын 21-ноябрындагы № 130 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [136-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-136)  
Кийинки берене: [138-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-138)
