# 135-берене. Салыктык укук бузуу жасагандык үчүн жоопкерчилик

- Документ: [Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/202445)
- Документтеги орду: 18-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябры № 230 "Салык кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 230
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-135>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-40/edition/1120877/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202445/st-135.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык кодекси, 135-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-135

---

1. Салыктык укук бузуу жасагандык үчүн жоопкерчилик салыктык укук бузуу жасалышына күнөөлүү салыктык укук мамилелеринин катышуучусуна сот же болбосо компетенттүү орган (кызмат адамы) тарабынан жаза чараларын колдонуудан көрүнгөн салыктык укук бузуу жасоонун укуктук кесепети болуп саналат.

2. Салыктык укук бузуу үчүн жоопкерчилик ушул Кодексте белгиленет.

3. Салыктык укук бузуу жасагандык үчүн жоопкерчиликти караган норманы ушул Кодексти кошпогондо, башка мыйзамдарга киргизүүгө тыюу салынат.

---

Мурунку берене: [134-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-134)  
Кийинки берене: [136-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-136)
