# 131-берене. Салык кызматы органдарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргелешкен аракети

- Документ: [Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/202445)
- Документтеги орду: 17-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябры № 230 "Салык кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 230
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 20 февраля 2013 года № 25 "О внесении дополнений и изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203832)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 20.02.2013 [Закон КР от 20 февраля 2013 года № 25 "О внесении дополнений и изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203832); 16.03.2010 [Закон КР от 16 марта 2010 года № 51 "О внесении изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202736)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445#diff=1120919..1120920>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-131>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-40/edition/1120877/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202445/st-131.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык кодекси, 131-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-131

---

1. Салык кызматынын органдары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүнү төмөнкүлөр аркылуу ишке ашырат:

1) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан төмөнкүлөрдү алуу:

а) жергиликтүү салыктарды киргизүү боюнча чечимдерди;

б) экономикалык ишти жүргүзүүгө жана жеке турак үйлөрдү курууга юридикалык жактарга жана жеке адамдарга бөлүнгөн жер участоктору боюнча чечимдерди (токтомдорду);

в) мамлекеттик жана муниципалдык менчик жерлерди пайдаланууга түзүлгөн ижара келишимдери жөнүндө маалыматты;

г) калктуу конуштардын экономикалык-пландаштыруу зоналарынын өзгөчөлүктөрүнө жараша белгиленген калктуу конуштардын жерлерин пайдалануу үчүн жер салыгынын базалык ставкасын дифференциялоочу кабыл алынган коэффициенттердин өлчөмдөрү жөнүндө чечимдерди;

д) жер салыгы жана мүлккө салык боюнча бошотуулар жөнүндө чечимдерди;

е) салык постун белгилөө боюнча кайрылууларды;

ж) ушул Кодекстин XIII жана XIV бөлүмдөрүндө, ошондой эле 53 жана 54-главаларында каралган ченемдерди салык төлөөчү бузганда түзүлгөн протоколдорду;

2) ушул Кодексте каралган комиссиялардын иштерине биргелешип катышуу;

3) салык салуу максатында биргелешкен иш-чараларды жүргүзүү;

4) жергиликтүү бюджеттердин киреше бөлүгүн биргелешип прогноздоо.

2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары салык төлөөчүлөрдү эсепке алууда жана салыктарды чогултууда салык кызматынын органдарына көмөк көрсөтүшөт.

(КР 2010-жылдын 16-мартындагы № 51, 2013-жылдын 20-февралындагы № 25 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [130-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-130)  
Кийинки берене: [132-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-132)
