# 126-берене. Салык кызматы органдарынын банк жана төлөм уюму/төлөм системасынын оператору менен биргелешкен аракети

- Документ: [Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/202445)
- Документтеги орду: 17-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябры № 230 "Салык кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 230
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 апреля 2020 года № 44 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Налоговый кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях, Бюджетный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112046)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 18.04.2020 [Закон КР от 18 апреля 2020 года № 44 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Налоговый кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях, Бюджетный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112046); 12.08.2016 [Закон КР от 12 августа 2016 года № 167 "О внесении изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111446); 18.05.2012 [Закон КР от 18 мая 2012 года № 55 "О внесении изменений и дополнений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203655); 27.07.2009 [Закон КР от 27 июля 2009 года № 255 О внесении дополнений и изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики "](https://aqlex.ai/kg/doc/202732); 24.07.2009 [Закон КР от 24 июля 2009 года № 245 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202730)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445#diff=1121000..1121001>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-126>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-40/edition/1120877/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202445/st-126.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык кодекси, 126-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-126

---

1. Салык кызматы органдары менен биргелешип аракеттенүү максатында банктар төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) салык кызматынын органдарынын суроо-талабынын жана/же күчүнө кирген сот актысынын негизинде салык төлөөчүлөрдүн эсептерин ачуу же жабуу тууралуу маалыматтарды берүү;

2) текшерилип жаткан салык төлөөчүнүн эсептери боюнча жүргүзүлгөн операциялар тууралу маалыматты, ошондой эле анын эсебинин учурдагы абалы жөнүндө маалыматты мыйзамдуу күчүнө кирген соттук актынын негизинде берүүгө;

3) салык төлөөчү салыктык каттоодо тургандыгы жөнүндө салыктык кызмат органынын маалымкатын көрсөткөндө гана уюмдар менен жеке ишкерлерге эсеп ачууга;

4) салык төлөөчүнүн салыктык милдеттенмелерин аткаруу эсебине бюджетке акча каражаттарын которуу жөнүндө тапшырмасын биринчи кезекте аткарууга;

5) салык төлөөчүнүн эсебинен акча каражаттарды алуу боюнча операция жүргүзүлгөн күндө салыктын суммасын бюджетке жөнөтүүгө;

6) карыз алуучунун төлөнбөгөн карызын кечүү жана банктын карызды талап кылуу укугун токтотуу жөнүндө маалыматты тиешелүү суроо-талап алынгандан кийинки 30 календардык күндүн ичинде банктан берүүгө;

7) салык төлөөчү мойнуна алган салыктык карызын жоюу үчүн салык кызматынын органдары койгон салыктык төлөм талаптарын сөзсүз жана биринчи кезектеги тартипте аткарууга.

8) POS-терминалдары аркылуу эсептешүүлөр жөнүндө маалыматтарды реалдуу убакыт режиминде берүүгө.

2. Салык кызматы органдары менен өз ара аракеттенүү максатында банктар жана төлөм уюмдары/төлөм системасынын операторлору жүргүзүлгөн төлөмдөр жөнүндө маалыматты реалдуу убакыт режиминде берүүгө милдеттүү. Берилүүчү маалыматтын тартиби жана ага карата талаптар Улуттук банк менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

(КР 2009-жылдын 24-июлундагы № 245, 2009-жылдын 27-июлундагы № 255, 2012-жылдын 18-майындагы № 55, 2016-жылдын 12-августундагы № 167, 2020-жылдын 18-апрелиндеги № 44 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [125-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-125)  
Кийинки берене: [127-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-127)
