# 125-берене. Салык кызматынын органдарынын салык салуу объекттерин каттоочу органдар менен биргелешкен аракети

- Документ: [Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/202445)
- Документтеги орду: 17-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябры № 230 "Салык кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 230
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 13 апреля 2018 года № 39 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам внедрения электронной системы фискализации налоговых процедур"](https://aqlex.ai/kg/doc/111776)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 13.04.2018 [Закон КР от 13 апреля 2018 года № 39 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам внедрения электронной системы фискализации налоговых процедур"](https://aqlex.ai/kg/doc/111776); 18.05.2012 [Закон КР от 18 мая 2012 года № 55 "О внесении изменений и дополнений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203655); 10.02.2010 [Закон КР от 10 февраля 2010 года № 25 О внесении изменений и дополнения в Налоговый кодекс Кыргызской Республики и Закон Кыргызской Республики "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202735)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445#diff=1120979..1120980>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-125>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-40/edition/1120877/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202445/st-125.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык кодекси, 125-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-125

---

1. Салык кызматы органдары кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоону жана транспорт каражаттарын каттоону жүзөгө ашыруучу органдар менен төмөнкүлөр жөнүндө кагаздагы документ же электрондук документ түрүндө маалымат алуу жолу менен өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырышат:

1) ошол органдарда катталган же каттоодон чыгарылган салык салуу мүлкү - объекттери жөнүндө;

2) бул мүлктүн менчик ээси болуп саналган субъекттер жөнүндө;

3) салык салуу объектиси болуп саналган мүлктүн параметрлери жөнүндө.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн органдар мурдагы айдан кийинки айдын 20сынан кийинки күндөн чейин ай сайын өзү турган жердеги салык органына менчик укугун мамлекеттик каттоо же салык салуу объектиси тууралуу маалымат берип турууга милдеттүү.

3. Автотранспорт каражаттарын же тракторлорду, өзү жүрүүчү технологиялык машиналарды, ошондой эле аларга чиркегичтерди каттоо жүргүзүүчү органдар каттоодо, кайра каттоодо, маалымкаттарды берүүдө жана техникалык кароолорду жүргүзүүдө мүлккө салык төлөө жөнүндө документти көрсөтүүнү талап кылууга милдеттүү.

Көрсөтүлгөн документ жок болсо, каттоону, кайра каттоону, маалымкаттарды берүүнү жана техникалык кароону жүргүзүүгө болбойт.

4. Салык кызматынын органдары нотариалдык бүтүмдөрдү жана фондулук биржага бүтүмдөрдү кошо алганда салык салуу объекттерине укуктардын өтүшүнө байланыштуу бүтүмдөрдү каттоо жүргүзүүчү башка органдар менен өз ара кызматташат. Ушул бөлүгүндө көрсөтүлгөн органдар отчеттук кварталдан мурдагы айдан кийинки айдын 20сынан кийинки күндөн чейин квартал сайын өзү турган жердеги салык органына бүтүмдөрдү каттоо жөнүндө маалымат берип турууга милдеттүү.

(КР 2010-жылдын 10-февралындагы № 25, 2012-жылдын 18-майындагы № 55, 2018-жылдын 13-апрелиндеги № 39 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [124-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-124)  
Кийинки берене: [126-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-126)
