# 124-берене. Салык кызматы органдарынын мамлекеттик статистика органдары менен биргелешкен аракети

- Документ: [Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/202445)
- Документтеги орду: 17-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябры № 230 "Салык кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 230
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 24 июля 2015 года № 194 "О внесении изменений и дополнений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111238)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 24.07.2015 [Закон КР от 24 июля 2015 года № 194 "О внесении изменений и дополнений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111238); 22.05.2015 [Закон КР от 22 мая 2015 года № 115 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (об упрощении процедур регистрации и ликвидации субъектов предпринимательства)"](https://aqlex.ai/kg/doc/111158)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445#diff=1120951..1120952>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-124>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-40/edition/1120877/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202445/st-124.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык кодекси, 124-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-124

---

1. Салык кызматы органдарынын мамлекеттик статистика органдары менен биргелешкен аракети ушул Кодексте жана "Мамлекеттик статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген ыйгарым укуктардын чектеринде ишке ашырылат.

2. Салык кызматынын органдары мамлекеттик статистика органдары менен өз ара аракеттенүүнү төмөнкүлөр аркылуу ишке ашырат:

1) ушул беренеде көрсөтүлгөн маалыматтарды жана материалдарды алмашуу, алуу же берүү;

2) статистикалык отчеттуулукту чогултуу, эсептерди жүргүзүү, кат алышуу, сурамжылоолорду, иргеме жана башка текшерип кароолорду жүргүзүү боюнча салык салуу чөйрөсүндөгү милдеттерди чечүүгө, мамлекеттик статистикалык байкоолордун формаларын иштеп чыгууга жана натыйжаларын чыгарууга катышуу;

3) мамлекеттик статистикалык байкоо жүргүзүүлөрдүн статистикалык методологиясын жана отчеттук-статистикалык документтерин, ошондой эле эсептик документтердин типтүү формаларын иштеп чыгууга катышуу;

4) идентификациялык салык номерин, ишканалардын, уюмдардын жана жеке ишкерлердин жана башка мамлекеттик классификаторлордун жалпы идентификациялык кодун пайдалануунун негизинде Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүсүнүн мамлекеттик реестрин жана Статистикалык бирдиктердин бирдиктүү мамлекеттик регистринин айкалышуусун актуалдуу абалда кармоо жана маалыматтык камсыздоо.

3. Салык кызматынын органынын мамлекеттик статистика органы менен өз ара аракети, төмөнкүдөй учурларда да ишке ашырылат:

1) Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүлөрүнүн мамлекеттик реестрине жана Статистикалык бирдиктердин бирдиктүү мамлекеттик регистрине жаңы салык төлөөчүнү каттоодо жана киргизүүдө;

2) салык төлөөчүнү кайра каттоодо;

3) белгиленген ыйгарым укуктардын чектеринде салык төлөөчүнүн ишине контролдук жүргүзүүдө;

4) салык төлөөчү өз ишин токтоткондо.

4. Салык кызматынын органдары мамлекеттик статистика органдарына төмөнкүлөрдү берет:

1) мамлекеттик каттоодон өткөн салык төлөөчүлөр жөнүндө маалыматтар базасынан маалымдарды;

2) экономикалык жана ишкердик ишти жүзөгө ашыруучу салык төлөөчүлөр жөнүндө маалыматтар базасынан маалымдарды.

5. Мамлекеттик статистика органдары салык кызматынын органдарына төмөнкүлөрдү берет:

1) (КР 2015-жылдын 22-майындагы № 115 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту);

2) мамлекеттик статистика органдары чыгаруучу маалымдамаларды, бюллетендерди үзгүлтүксүз негизде;

3) тийиштүү суроо-талаптын негизинде кагаздагы жана/же электрондук булактардагы статистикалык бирдиктер жөнүндө керектүү маалыматты (маалыматтар базасын).

(КР 2015-жылдын 22-майындагы № 115, 2015-жылдын 24-июлундагы № 194 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [123-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-123)  
Кийинки берене: [125-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-125)
