# 121-берене. Салык салуу максаттары үчүн товарлардын, жумуштардын же кызмат көрсөтүүлөрдүн рыноктук баасын аныктоо принциптери

- Документ: [Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/202445)
- Документтеги орду: 16-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябры № 230 "Салык кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 230
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-121>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-40/edition/1120877/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202445/st-121.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык кодекси, 121-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-121

---

1. Товарлардын, жумуштардын же кызмат көрсөтүүлөрдүн рыноктук баасы катарында товарларга, жумуштарга же кызмат көрсөтүүлөргө рынокто түзүлгөн баалардын Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети квартал сайын басып чыгаруучу бюллетенинин маалыматтары колдонулат.

Салык салуу максаттары үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген мамлекеттик жөнгө салынуучу баалар (тарифтер) боюнча товарларды, жумуштарды же кызмат көрсөтүүлөрдү сатууда көрсөтүлгөн баалар (тарифтер) кабыл алынат.

2. Товардын, жумуштун же кызмат көрсөтүүнүн рыноктук баасы бул товарды, жумушту же кызмат көрсөтүүнү сатуу учурунда окшош жана/же бирдей товарлар, жумуштар же кызмат көрсөтүүлөр менен салыштырмалуу шарттарда түзүлгөн бүтүмдөр жөнүндө маалыматтын негизинде аныкталат. Атап айтканда, берилүүчү товарлардын саны жана көлөмү (мисалы, товардык партиянын көлөмү), милдеттенмелерди аткаруу мөөнөтү мындай түрдөгү бүтүмдөрдө адатта колдонулуучу төлөмдөрдүн шарттары сыяктуу бүтүм шарттары, ошондой эле бааларга таасир тийгизиши мүмкүн болгон башка акылга сыярлык шарттар эске алынат.

Мында окшош, андай болбосо - бир түрдүү товарлардын, жумуштардын же кызмат көрсөтүүлөрдүн рыногунда бүтүмдөрдүн шарттары, эгерде мындай шарттардын ортосундагы айырмачылык болсо же болбосо мындай товарлардын, жумуштардын же кызмат көрсөтүүлөрдүн баасына олуттуу таасир тийгизсе, салыштырмалуу түрдө таанылат же болбосо түзөтүүлөрдүн жардамы менен эске алынышы мүмкүн.

3. Рыноктук бааны аныктоо үчүн кийинки сатуу бааларынын методу колдонулат, мында сатуучу тарабынан сатылган товарлардын, жумуштардын же кызмат көрсөтүүлөрдүн рыноктук баасы аларды кийинки кайра сатуудагы баалардын ар түрдүүлүгү катары жана ушундай учурларга мүнөздүү товарларды, жумуштарды же кызмат көрсөтүүлөрдү кайра сатууда жана сатып алынгандарды рынокко чыгарууда баалардын айырмачылыгы, ошондой эле иш-аракеттин бул чөйрөсү үчүн сатып алуучунун кадимки пайдасы катары аныкталат.

4. Кийинки сатуу бааларынын методун колдонуу мүмкүн болбогондо наркты кошуунун негизиндеги ыкма колдонулат, мында сатуучу саткан товарлардын, жумуштардын же кызмат көрсөтүүлөрдүн рыноктук баасы кеткен сарптоолордун жана иш-аракеттин бул чөйрөсү үчүн адаттагыдай пайдасынын суммасы катары аныкталат. Мында ушундай учурлардагы товарларды, жумуштарды же кызмат көрсөтүүлөрдү өндүрүүгө жана/же сатып алууга жана/же сатууга кеткен түз же кыйыр чыгымдар, ушундай учурларда ташууга, сактоого, камсыздандырууга жана башка ушундай сарптоолорго кеткен чыгымдар эске алынат.

5. Салык салуу максаттарында бүтүмдөрдүн баасын аныктоо жөнүндө салык кызматынын органынын чечимине салык төлөөчүнүн даттануусу тууралуу ишти кароодо сот ушул главада саналган жагдайларды чектебестен бүтүмдүн натыйжаларын аныктоо үчүн мааниси бар бардык кырдаалдарды эске алууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [120-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-120)  
Кийинки берене: [122-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-122)
