# 120-берене. Салык салуу максаттары үчүн товарлардын, жумуштардын же кызмат көрсөтүүлөрдүн рыноктук баасын колдонуу

- Документ: [Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/202445)
- Документтеги орду: 16-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябры № 230 "Салык кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 230
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 3 апреля 2020 года № 33 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам стабилизации социально-экономической ситуации в связи с обстоятельствами непреодолимой силы"](https://aqlex.ai/kg/doc/112023)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 03.04.2020 [Закон КР от 3 апреля 2020 года № 33 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам стабилизации социально-экономической ситуации в связи с обстоятельствами непреодолимой силы"](https://aqlex.ai/kg/doc/112023); 26.07.2016 [Закон КР от 26 июля 2016 года № 140 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Налоговый кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности)"](https://aqlex.ai/kg/doc/111421); 24.01.2015 [Закон КР от 24 января 2015 года № 25 "О внесении дополнений и изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205447); 27.07.2009 [Закон КР от 27 июля 2009 года № 255 О внесении дополнений и изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики "](https://aqlex.ai/kg/doc/202732)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445#diff=1120999..1121000>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-120>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-40/edition/1120877/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202445/st-120.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык кодекси, 120-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-120

---

1. Эгерде ушул беренеде башкача каралбаса, салык салуунун максаттары үчүн товарлардын, жумуштардын же кызмат көрсөтүүлөрдүн тараптар иш жүзүндө колдонгон бүтүмдөрдөгү баалар эске алынат. Эгерде тескерисинче далилденбесе, бул баа рынок бааларына ылайык деп эсептелет.

2. Салык кызматынын органдары контроль жүргүзүүдө салыктарды толук эсептөө үчүн бүтүмдөр боюнча бааларды колдонуунун тууралыгын төмөнкүдөй учурларда гана текшерүүгө укуктуу:

1) өз ара көз каранды адамдардын ортосунда бүтүмдөр түзүлгөндө;

2) товар алмашуу (бартердик) операциялар боюнча;

3) тышкы соода бүтүмдөрү түзүлгөндө;

(КР 2009-жылдын 27-июлундагы № 255 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

5) товарларды, жумуштарды же кызмат көрсөтүүлөрдү сатуу жөнүндө ырастоочу документтер болбогондо;

6) аракеттенбеген жактын белгилери бар субъекттер менен бүтүмдөрдү түзүүдө;

7) атайын салык режимин колдонуп жаткан ишкердик субъекттери менен бүтүмдөрдө.

8) ушул беренеге ылайык аларга карата контролдук баалардын минималдык деңгээли белгиленген товарлар менен бүтүмдөрдө.

3. Ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган учурларда, бүтүмдүн тараптары товарларга, жумуштарга же кызмат көрсөтүүлөргө колдонгон баалар рыноктук баадан 20 пайыздан ашык айырмалуу болсо, салык кызматынын органы тийиштүү товарларга, жумуштарга же кызмат көрсөтүүлөргө рыноктук бааларды колдонгондо болуучу ошол бүтүмдүн натыйжасына ылайыкталып эсептелген салыкты, туумду жана салыктык санкцияларды салуу жөнүндө жүйөлүү чечим чыгарууга укуктуу.

4. Рыноктук баа ушул Кодекстин 121-беренесинде каралган салык салуу максаттары үчүн товарлардын, жумуштардын же кызмат көрсөтүүлөрдүн рыноктук баасын аныктоо принцибине ылайык белгиленет, алардын ар бири мурдагыларды колдонуу үчүн жетиштүү маалымат жок учурда колдонулат.

5. Рыноктук бааны аныктоодо өз ара көз карандысыз болуп саналган жактардын ортосунда бүтүмдөрдү түзүүдө белгиленүүчү кадимки кошумча баалар менен бааны арзандатуулар эске алынат. Атап айтканда төмөнкүлөрдөн улам кошумчалар жана арзандатуулар эсепке алынат:

1) товарларга, жумуштарга, кызмат көрсөтүүлөргө керектөө суроо-талабынын сезондук же башкача өйдө-төмөндүгү;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте товарлардын сапатын же башка керектөө касиеттерин жоготушу;

3) товарлардын жарактуулук же аларды сатуу мөөнөттөрүнүн бүтүшү же ошол күнгө жакындашы;

4) маркетингдик саясат, анын ичинде окшош эмес жаңы товарларды рынокко чыгарууда, ошондой эле товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жаңы рынокторго чыгаруу;

5) керектөөчүлөрдү тааныштыруу максатында тажрыйба моделдерин жана үлгүлөрүн сатуу.

6. Товарлардын, жумуштардын же кызмат көрсөтүүлөрдүн рыноктук бааларын аныктоодо өз ара көз каранды эмес жактардын ортосундагы бүтүмдөр көңүлгө алынат. Өз ара көз каранды жактардын ортосундагы бүтүмдөр өз ара көз каранды мындай жактар ушул сыяктуу бүтүмдөрдүн натыйжаларына таасир этпеген учурларда гана көңүлгө алынышы мүмкүн.

7. Товарларга, жумуштарга, кызмат көрсөтүүлөргө рынок баасын аныктоодо жана таанууда товарларга, жумуштарга, кызмат көрсөтүүлөргө жана биржалык котировкаларга рыноктук баалар жөнүндө маалыматтын расмий булактары, мамлекеттик органдардын жана өз алдынча башкаруу органдарынын маалыматтар базасы, салык төлөөчү салык органдарына берген маалыматтар, ошондой эле башка тиешелүү маалыматтар колдонулат.

8. Алар үчүн контролдук баалардын минималдык деңгээли белгиленүүчү товарлардын тизмегин, контролдук баалардын минималдык деңгээлинин өлчөмүн, контролдук баалардын минималдык деңгээлин аныктоонун, колдонуунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

9. Аларга карата контролдук баалардын минималдык деңгээли белгиленген импорттолуучу/өндүрүлүүчү товарлар боюнча, ушул Кодекстин максаттары үчүн ушул берененин 8-бөлүгүнө ылайык белгиленген деңгээлден төмөн болбогон баа кабыл алынат.

(КР 2009-жылдын 27-июлундагы № 255, 2015-жылдын 24-январындагы № 25, 2016-жылдын 26-июлундагы № 140, 2020-жылдын 3-апрелиндеги № 33 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [119-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-119)  
Кийинки берене: [121-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-121)
