# 12-берене. Укук ченемдүүлүктүн презумпциясы принциби

- Документ: [Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/202445)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябры № 230 "Салык кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 230
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-40/edition/1120877/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202445/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык кодекси, 12-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-12

---

1. Салыктык укук мамилелери келип чыкканда салык төлөөчү же салык боюнча өкүл Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында мындай аракеттерге же аракетсиздикке тыюу салынган учурлардан тышкаркы бардык учурларда укук ченемдүү аракеттенүүчү же аракеттенбөөчү катары таанылат, ошол эле мезгилде мында төмөндөгү шарттар сакталышы керек:

1) аракеттенүү же аракетсиздик Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген принциптерде каршы келбейт; жана

2) аракеттенүү же аракетсиздик салык милдеттенмелерин тийиштүү түрдө аткарууга жолтоо кылбайт.

2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, салык кызматынын органдары, бажы органдары, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, эгерде алардын аракети Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында каралса, салыктык укук мамилелери пайда болгондо укук ченемдүү аракеттенди деп таанылат.

Ушул пунктта каралган органдарга, эгерде аракеттер Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында каралбаса, мындай аракеттерди жасоого тыюу салынат.

---

Мурунку берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-11)  
Кийинки берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-13)
