# 118-берене. Бул главада пайдаланылуучу терминдер жана аныктамалар

- Документ: [Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/202445)
- Документтеги орду: 16-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябры № 230 "Салык кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 230
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-118>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-40/edition/1120877/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202445/st-118.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык кодекси, 118-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-118

---

Бул главада төмөнкүдөй терминдер жана аныктамалар пайдаланылат:

1) "Окшош товарлар" - негизги белгилери бирдей мүнөздөгү товарлар. Товарлардын окшоштугун аныктоодо алардын физикалык мүнөздөмөлөрү, сапаты жана рыноктогу репутациясы, чыгарган өлкө жана өндүрүүчү эске алынат. Товарлардын окшоштугун аныктоодо алардын тышкы түрүндөгү майда-барат айырмачылыктар эске алынбайт.

2) "Бирдей түрдөгү товарлар" - окшош эмес, бирок мүнөздөмөлөрү окшошкон жана окшош компоненттерден турган товарлар, булар эгерде мындай товарлардын бааларында олуттуу айырмачылык болбосо же болбосо түзөтүүлөрдүн жардамы менен эске алынышы мүмкүн болсо бир же ошол эле функцияны аткарууга жана/же коммерциялык жактан бири-бирин алмаштырууга мүмкүндүк түзүлөт.

3) "Товарлар, жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр рыногу" - Кыргыз Республикасынын аймагында же Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары сатып алуучуга же сатуучуга карата жакын товарды, жумушту, кызмат көрсөтүүнү реалдуу же кыйла кошумча чыгымдарсыз сатып алууга же сатууга сатуучунун же сатып алуучунун мүмкүнчүлүктөрүнө жараша аныкталуучу ушул товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жүгүртүү чөйрөсү.

4) "Товардын, жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн рыноктук баасы" - рыноктогу суроо-талаптын жана сунуштун биргелешкен аракетинде окшош товарларга, ал эми мындайлар жок болсо - салыштырмалуу экономикалык шарттардагы бир түрдүү товарларга, жумуштарга, кызмат көрсөтүүлөргө түзүлгөн баа.

---

Мурунку берене: [117-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-117)  
Кийинки берене: [119-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-119)
