# 115-берене. Документтерди талап кылуу

- Документ: [Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/202445)
- Документтеги орду: 15-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябры № 230 "Салык кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 230
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 мая 2012 года № 55 "О внесении изменений и дополнений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203655)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445#diff=1120904..1120905>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-115>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-40/edition/1120877/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202445/st-115.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык кодекси, 115-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-115

---

1. Текшерүү жүргүзүүчү салык кызматы органынын кызмат адамы текшерилүүчү салык төлөөчүдөн текшерүү үчүн керектүү документтерди талап кылууга укуктуу.

Документтерди берүү талап кылынган салык төлөөчү, аларды мындай чечим тапшырылган күндөн кийинки күндөн тартып 5 жумушчу күнүнүн ичинде салык кызматы органдарына жиберүүгө же берүүгө милдеттүү. Айрым учурларда документтер салык төлөөчү күбөлөндүргөн көчүрмөлөр түрүндө берилет.

2. Текшерүү жүргүзүүдө суралган документтерди берүүдөн салык төлөөчүнүн баш тартышы же аларды белгиленген мөөнөттө бербей коюу салыктык укук бузуу катары таанылат жана ушул Кодексте каралган жоопкерчиликке кириптер кылат.

(КР 2012-жылдын 18-майындагы № 55 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [114-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-114)  
Кийинки берене: [116-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-116)
