# 113-берене. Көчмө текшерүүлөрдү, рейддик салык контролун жүргүзүү, салык постун орнотуу үчүн аймактарга жана жайларга салык кызматы органдарынын кызмат адамдарынын кириши

- Документ: [Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/202445)
- Документтеги орду: 15-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябры № 230 "Салык кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 230
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 27 июля 2009 года № 255 О внесении дополнений и изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики "](https://aqlex.ai/kg/doc/202732)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445#diff=1120883..1120884>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-113>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-40/edition/1120877/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202445/st-113.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык кодекси, 113-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-113

---

1. Салык төлөөчү көчмө текшерүүнү, рейддик салык контролун түздөн-түз жүргүзүүчү же салык постун орнотуучу (мындан ары бул главада - текшерүү) салык кызматы органдарынын кызмат адамын, ал кызматтык күбөлүгүн жана ошол салык төлөөчүнү текшерүүсү жөнүндө салык органынын көрсөтмөсүн көрсөткөн учурда аймактарга же жайларга киргизүүгө милдеттүү.

2. Түздөн-түз текшерүү жүргүзүүчү салык кызматы органдарынын кызмат адамы салык төлөөчүнүн иш жүргүзүү үчүн колдонулуучу аймактарын же жайларын же болбосо салык төлөөчүгө берилген документтик маалыматтарда көрсөтүлгөн объекттер жөнүндө иш жүзүндөгү маалыматка ылайык келишин аныктоо үчүн салык салуу объекттерин текшерүү жүргүзүүгө укуктуу.

3. Текшерүү жүргүзүүчү салык кызмат органдарынын кызмат адамынын, салык төлөөчүнүн аймагына же жайларына киришине мыйзамсыз тоскоолдук кылынса, ал адам өзү жана салык төлөөчү кол койгон протокол түзөт, анын негизинде салык кызматынын органы салыктык милдеттенменин суммасын баалоонун кыйыр методдорунун негизинде өз алдынча аныктоого укуктуу.

Салык төлөөчү көрсөтүлгөн протоколго кол коюудан баш тартса, ага тийиштүү жазуу жазылат.

4. Текшерүү жүргүзүүчү салык кызматы органдарынын кызмат адамынын салык төлөөчүнүн аймагына же жайларына киришине мыйзамсыз тоскоолдук кылуу, салык укуктарын бузуу деп табылат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке тартууга кириптер кылат.

5. Салык кызматы органынын кызмат адамы салык төлөөчүнүн аймагына же жайларына кирүү үчүн, эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мындай уруксат керек болсо, аны өзү менен ала жүрүүгө милдеттүү.

6. Салык төлөөчү текшерүү жүргүзүү үчүн аймактарга же жайларга салык кызматы органынын кызмат адамын төмөнкүдөй учурларда киргизбей коюуга укуктуу, эгерде:

1) көрсөтмө көрсөтүлбөсө же тапшырылбаса же болбосо белгиленген тартипте жол-жоболоштурбаса;

2) көрсөтмөдөгү көрсөтүлгөн текшерүү мөөнөтү келе элек болсо же бүтүп калса;

3) бул адам көрсөтмөдө көрсөтүлбөсө;

4) текшерилүүчү салыктык мезгилге тиешеси жок документтер суралса.

7. Текшерүү жүргүзүүчү салыктык кызмат органдарынын кызмат адамын турак жайларда жашоочу жеке адамдардын эркинен тышкары киргизүүгө, эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленбесе, жол берилбейт.

(КР 2009-жылдын 27-июлундагы № 255 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [112-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-112)  
Кийинки берене: [114-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-114)
