# 111-берене. ККМди колдонуу тартибинин сакталышын салыктык контролдоо

- Документ: [Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/202445)
- Документтеги орду: 14-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябры № 230 "Салык кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 230
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 апреля 2020 года № 44 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Налоговый кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях, Бюджетный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112046)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 18.04.2020 [Закон КР от 18 апреля 2020 года № 44 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Налоговый кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях, Бюджетный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112046); 04.08.2018 [ЗАКОН КР от 4 августа 2018 года N 86 "О внесении изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111823); 13.04.2018 [Закон КР от 13 апреля 2018 года № 39 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам внедрения электронной системы фискализации налоговых процедур"](https://aqlex.ai/kg/doc/111776); 18.05.2012 [Закон КР от 18 мая 2012 года № 55 "О внесении изменений и дополнений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203655)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445#diff=1121000..1121001>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-111>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-40/edition/1120877/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202445/st-111.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык кодекси, 111-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-111

---

1. ККМди колдонуу тартиби салык төлөөчүлөр тарабынан сакталышын контролдоону салык кызматынын органдары жүзөгө ашырат.

2. Салык контролун жүргүзүүнүн жүрүшүндө төмөнкүлөр текшерилүүгө тийиш:

1) ККМди каттоо жана колдонуу тартиби;

2) ККМдин оңдугу;

3) сатып алуучуларга же кардарларга контролдук-кассалык чектерди берүү;

4) сатылуучу товарларга, аткарылуучу жумуштарга, кызмат көрсөтүүлөргө баалардын же прейскуранттардын болушу;

5) ККМдин фискалдык эске тутуусунда мурда берилген чектин реквизиттеринин жана суммасынын болушу.

6) реалдуу убакыт режиминде ыйгарым укуктуу салык органына фискалдык маалыматтарды берүүчү түзүлүштүн болушу жана оң абалда турушу;

7) контролдук-кассалык чектердин төлөөгө берилүүчү документтерге ылайык келиши.

8) ККМдин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген техникалык талаптарга ылайык келиши.

3. Контролдук сатып алуу салык кызматынын органдары тарабынан сатып алуучуларга контролдук-кассалык чектердин берилишин контролдоо үчүн гана жүргүзүлөт жана мезгилдүүлүгү чектелбестен жүзөгө ашырылат.

Субъект тарабынан товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү эсептөөнүн программалык каражаттарын пайдаланууда контролдук сатып алуу салык кызматынын органдары тарабынан контролдук-кассалык чектер сатып алуучуларга же кардарларга берилиши төлөөгө берилген документтерге алардын ылайык келишин контролдоо үчүн жүргүзүлөт. Контролдук сатып алууну жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

4. Салык кызматынын органдары салыктык контролду жүргүзүү учурунда ККМдин фискалдык эске тутуусунда сакталган маалыматтарды колдонууга укуктуу.

(КР 2012-жылдын 18-майындагы № 55, 2018-жылдын 13-апрелиндеги № 39, 2018-жылдын 4-августундагы № 86, 2020-жылдын 18-апрелиндеги № 44 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [110-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-110)  
Кийинки берене: [112-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-112)
