# 109-берене. Фискалдык эске тутуусу бар контролдук-кассалык машиналарды колдонуу

- Документ: [Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/202445)
- Документтеги орду: 14-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябры № 230 "Салык кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 230
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 апреля 2020 года № 44 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Налоговый кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях, Бюджетный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112046)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 18.04.2020 [Закон КР от 18 апреля 2020 года № 44 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Налоговый кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях, Бюджетный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112046); 04.08.2018 [ЗАКОН КР от 4 августа 2018 года N 86 "О внесении изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111823); 13.04.2018 [Закон КР от 13 апреля 2018 года № 39 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам внедрения электронной системы фискализации налоговых процедур"](https://aqlex.ai/kg/doc/111776)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445#diff=1121000..1121001>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-109>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-40/edition/1120877/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202445/st-109.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык кодекси, 109-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-109

---

1. Кыргыз Республикасынын аймагында соода операцияларында же иштерди аткарууда жана кызмат көрсөтүүлөрдө накталай/электрондук акчалар, банктык төлөм карталары жана башка төлөм инструменттери аркылуу жүзөгө ашырылуучу калк менен акчалай эсептешүүлөр ККМди милдеттүү түрдө колдонуу жана кагаз түрүндө жана/же автоматтык эсептөө үчүн жарактуу түрдө контролдук-кассалык чекти берүү/жөнөтүү менен жүргүзүлөт. Ушул бөлүктүн жоболору өз ишинин спецификасынан же болбосо турган жеринин өзгөчөлүктөрүнөн улам Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен тизмеге ылайык ККМди колдонбостон акчалай эсептешүүлөрдү жүргүзө ала турган субъекттерге жайылтылбайт.

2. Субъекттер калк менен акчалай эсептешүүдө ККМ реестрине киргизилген аппараттык ККМди же программалык ККМди пайдаланууга милдеттүү.

3. (КР 2020-жылдын 18-апрелиндеги № 44 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

4. (КР 2020-жылдын 18-апрелиндеги № 44 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкүлөрдү бекитет:

1) (КР 2020-жылдын 18-апрелиндеги № 44 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

2) ККМ карата техникалык корутундуну берүү жана ККМ реестрин түзүү тартиби;

3) ККМге карата техникалык талаптарды жана ККМди техникалык тейлөө борборлоруна карата жана ФМОго карата талаптарды;

4) ККМди каттоо, колдонуу тартибин, пайдалануунун типтүү эрежелерин жана киргизүүнүн мөөнөттөрүн;

5) (КР 2020-жылдын 18-апрелиндеги № 44 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

6) (КР 2020-жылдын 18-апрелиндеги № 44 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

7) (КР 2020-жылдын 18-апрелиндеги № 44 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

6. ККМ байланыш жана маалыматташтыруу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилүүчү техникалык корутундунун негизинде ККМ реестрине киргизилет жана чыгарылат.

Техникалык корутунду ККМди Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген техникалык талаптарга шайкештигин/шайкеш эместигин ырастаган документ болуп саналат. (КР 2018-жылдын 13-апрелиндеги № 39, 2018-жылдын 4-августундагы № 86, 2020-жылдын 18-апрелиндеги № 44 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [108-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-108)  
Кийинки берене: [110-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-110)
