# 108-берене. Рейддик салык контролу

- Документ: [Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/202445)
- Документтеги орду: 14-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябры № 230 "Салык кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 230
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 апреля 2020 года № 44 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Налоговый кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях, Бюджетный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112046)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 18.04.2020 [Закон КР от 18 апреля 2020 года № 44 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Налоговый кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях, Бюджетный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112046); 29.06.2017 [Закон КР от 29 июня 2017 года № 113 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности, Налоговый кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/111614); 20.02.2013 [Закон КР от 20 февраля 2013 года № 25 "О внесении дополнений и изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203832); 18.05.2012 [Закон КР от 18 мая 2012 года № 55 "О внесении изменений и дополнений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203655)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445#diff=1121000..1121001>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-108>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-40/edition/1120877/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202445/st-108.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык кодекси, 108-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-108

---

1. Салык кызматынын органдары Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын төмөнкүдөй талаптарынын сакталышына рейддик салык контролун жүргүзөт:

1) салык төлөөчүнүн салык органындагы салыктык жана эсептик катталуу фактысын;

2) ККМды колдонуу тартибин;

3) салык төлөөчүнүн патенттик негизде салык төлөөсүн жана физикалык көрсөткүчтөрүн текшерүү;

4) бухгалтердик эсеп жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, эсеп жүргүзүүчү адамдардан тышкарыда, кирешелер жана чыгашалар эсеби боюнча китепте сатып алуу же сатууларды жекече ишкер тарабынан каттоо;

5) маркалоого жаткан товарлардын акциздик жыйымдын маркалары жана тиешелүү идентификациялык каражаттар менен белгиленишин жана алардын аныктыгын.

6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте акциздик жана маркалануучу товарларды эсепке алуунун автоматташтырылган системаларын колдонуу.

2. Контролдук сатып алууну кошпогондо, рейддик салык контролу айрым салык төлөөчүгө же анын обочолонгон бөлүгүнө карата жылына 12 жолудан ашык жүзөгө ашырылбайт.

3. Рейддик салык контролун жүргүзүү үчүн көрсөтмө жол-жоболоштурулат. Көрсөтмөнүн формасы жана рейддик салык контролун жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

4. Рейддик салык контролун жүргүзүүдө салык төлөөчүгө көрсөтмөнүн түп нускасы таанышуу үчүн берилет жана/же ага көчүрмөсү тапшырылат. Түп нускага салык төлөөчү тарабынан көрсөтмө менен таанышкандыгы же анын көчүрмөсүн алгандыгы жөнүндө белги коюлат.

5. (КР 2020-жылдын 18-апрелиндеги № 44 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

6. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын төмөнкүдөй талаптарынын сакталышына рейддик салык контролун жүзөгө ашырат:

1) салык төлөөчүнүн салык органында салыктык жана эсептик катталуу фактысын;

2) салык төлөөчүнүн патенттик негизде салык төлөөсүн жана физикалык көрсөткүчтөрүн текшерүү.

(КР 2012-жылдын 18-майындагы № 55, 2013-жылдын 20-февралындагы № 25, 2017-жылдын 29-июнундагы № 113, 2020-жылдын 18-апрелиндеги № 44 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [107-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-107)  
Кийинки берене: [109-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-109)
