# 107-берене. Камералык текшерүү жүргүзүү

- Документ: [Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/202445)
- Документтеги орду: 13-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябры № 230 "Салык кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 230
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 27 июля 2016 года № 153 "О внесении изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111433)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 27.07.2016 [Закон КР от 27 июля 2016 года № 153 "О внесении изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111433); 18.05.2012 [Закон КР от 18 мая 2012 года № 55 "О внесении изменений и дополнений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203655)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445#diff=1120961..1120885>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-107>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-40/edition/1120877/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202445/st-107.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык кодекси, 107-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-107

---

1. Камералык текшерүү салыктарды эсептөө жана төлөө үчүн негиз болгон, салык төлөөчү берген салык отчетторунун жана маалыматтарынын, ошондой эле салык органында болгон салык төлөөчүнүн иштери тууралу документтердин негизинде салык органы турган жер боюнча, салык төлөөчүнү тартпастан жүргүзүлөт.

2. Камералык текшерүү салык органынын жетекчисинин кандайдыр бир атайын чечимисиз, кызматтык милдеттерине ылайык салык органынын кызмат адамы тарабынан жүргүзүлөт.

3. Камералык текшерүү жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

4. Салык органы камералык текшерүүнүн натыйжалары боюнча салыктын суммасын азайтуу же жогорулатуу фактысын, ошондой эле салык отчетторун толтурууда жол берилген башка каталарды аныктаса, салык органы аныкталган катачылыктарды бул кабарлоону алган күндөн кийинки күндөн тартып 15 календардык күндүн ичинде четтетүү талабы жөнүндө салык төлөөчүгө жазуу жүзүндө кабарлайт.

5. Салык төлөөчү камералык текшерүүдө аныкталган катачылыктарды белгиленген мөөнөттө четтетпесе, салык органы ушул Кодекстин 82 жана 83-беренелеринин талаптарына ылайык чечим кабыл алууга жана аны салык төлөөчүгө тапшырууга милдеттүү.

(КР 2012-жылдын 18-майындагы № 55, 2016-жылдын 27-июлундагы № 153 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [106-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-106)  
Кийинки берене: [108-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-108)
