# 106-берене. Көчмө текшерүүнүн материалдарын кароонун натыйжалары боюнча чечим чыгаруу

- Документ: [Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/202445)
- Документтеги орду: 13-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябры № 230 "Салык кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 230
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР 21 ноября 2019 года № 130 "О внесении изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111977)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 21.11.2019 [Закон КР 21 ноября 2019 года № 130 "О внесении изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111977); 22.05.2015 [Закон КР от 22 мая 2015 года № 115 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (об упрощении процедур регистрации и ликвидации субъектов предпринимательства)"](https://aqlex.ai/kg/doc/111158); 18.05.2012 [Закон КР от 18 мая 2012 года № 55 "О внесении изменений и дополнений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203655); 27.07.2009 [Закон КР от 27 июля 2009 года № 255 О внесении дополнений и изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики "](https://aqlex.ai/kg/doc/202732)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445#diff=1120997..1120998>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-106>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-40/edition/1120877/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202445/st-106.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык кодекси, 106-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-106

---

1. Көчмө текшерүүнүн материалдары салык кызматы органынын жетекчиси же жетекчисинин орун басары тарабынан салык төлөөчүгө көчмө текшерүү боюнча акт тапшырылган датадан тартып 10 жумушчу күндөн кечиктирбестен каралат.

Салык төлөөчү көчмө текшерүүнүн актысы боюнча жазуу жүзүндөгү түшүндүрмөлөрдү же каршы пикирлерин берсе, текшерүүнүн материалдары салык төлөөчүнүн же анын салык боюнча анын өкүлүнүн катышуусунда каралат. Салык кызмат органы көчмө текшерүүнүн материалдарын кароо убактысы жана орду жөнүндө чечимди салык төлөөчүгө мындай кароо датасына чейин 5 жумушчу күндөн кечиктирбестен тапшырат. Эгерде салык төлөөчү билдирүүгө карабастан келбей койсо, текшерүү материалдары, анын ичинде салык төлөөчү берген түшүндүрмөлөр, анын каршы пикири, башка документтер жана материалдар анын катышуусуз каралат.

2. Көчмө текшерүүнүн материалдарын кароонун натыйжалары боюнча салык кызматы органынын жетекчиси же жетекчинин орун басары төмөнкүдөй чечим чыгарат:

1) салыкты, туум-айыпты эсептөө жана/же азайтуу жөнүндө;

2) салыктык укук бузуулар үчүн салык төлөөчүнү жоопкерчиликке тартуу жөнүндө;

3) салык төлөөчүнү жоопкерчиликке тартпоо жөнүндө;

4) көчмө текшерүү жүргүзүү мөөнөтүн ушул Кодекстин 102-беренесинин 3-бөлүгүндө белгиленген мөөнөттүн чегинде узартуу жөнүндө.

(Экинчи абзац КР 2012-жылдын 18-майындагы № 55 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) Көчмө текшерүүнүн материалдарын кароонун натыйжалары боюнча чечим чыгарылат жана салык төлөөчүгө көчмө текшерүүнүн материалдары каралган датадан тартып 3 жумушчу күндөн кечиктирбестен тапшырылат.

3. Салыктык укук бузуулар үчүн салык төлөөчүнү жоопкерчиликке тартуу жөнүндө чечимде төмөнкүлөр жазылат:

1) укук бузуулардын жагдайы, алар жүргүзүлгөн текшерүүдө кандайча аныкталгандыгы жана көрсөтүлгөн жагдайды ырастаган башка маалыматтар;

2) салык төлөөчүнүн өзүн коргоого карата негиздери жана мындай негиздерди текшерүүнүн натыйжалары;

3) ушул Кодекстин ченемдерин бузууларды көрсөтүү менен салыктык укук бузуулар үчүн салык төлөөчүнү жоопкерчиликке тартуу негиздери жана көрүлүүчү жоопкерчилик чаралары.

4. Салыктардын, туумдун жана салык санкцияларынын суммаларын эсептөө жөнүндө салык кызматы органынын чечими салык төлөөчүгө тапшырылат. Эгерде салык төлөөчү ушул Кодексте белгиленген тартипте көчмө текшерүүнүн натыйжалары боюнча чечимге даттанбаса, салыктардын, туумдун жана салык санкцияларынын суммаларын эсептөө жөнүндө чечимди алган салык төлөөчү аны чечим тапшырылган күндөн кийинки күндөн тартып 30 күндүн ичинде аткарууга милдеттүү.

5. Салык кызматы органынын чечими салык төлөөчүгө ушул Кодексте белгиленген тартипте тапшырылат.

6. Ушул берененин талаптарынын салык кызматы органдарынын кызмат адамы тарабынан сакталбашы, салык кызматы органдарынын чечимин жоюу жана кызмат адамын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке тартуу үчүн негиз болуп бериши мүмкүн.

7. Табылган бузуулары үчүн жоопкерчиликке тартылууга тийиш болгон салык төлөөчүнүн жасаган бузуулары боюнча салык кызматы органы тарабынан Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык протокол түзүлөт жана токтом чыгарылат.

8. (КР 2019-жылдын 21-ноябрындагы № 130 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(КР 2009-жылдын 27-июлундагы № 255, 2012-жылдын 18-майындагы № 55, 2015-жылдын 22-майындагы № 115 , 2019-жылдын 21-ноябрындагы № 130 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [105-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-105)  
Кийинки берене: [107-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-107)
