# 105-берене. Көчмө текшерүүнүн бүтүшү

- Документ: [Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/202445)
- Документтеги орду: 13-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябры № 230 "Салык кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 230
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-105>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-40/edition/1120877/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202445/st-105.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык кодекси, 105-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-105

---

1. Көчмө текшерүү бүткөндө салык кызматынын органынын кызмат адамы төмөнкүлөрдү көрсөтүү менен акт түзөт:

1) көчмө текшерүү жүргүзүлгөн жерди, акт түзүлгөн күндү;

2) текшерүүнүн түрүн;

3) көчмө текшерүү жүргүзгөн салык кызматынын органынын кызматкеринин же кызматкерлеринин кызматын, аты-жөнүн;

4) салык төлөөчүнүн аты-жөнүн же болбосо толук аталышын;

5) салык төлөөчүнүн турган жерин, банктык реквизиттерин, ошондой эле анын идентификациялык салык номерин;

6) салык төлөөчүнүн салык жана бухгалтердик отчетторду жүргүзүүгө жана бюджетке салыктарды төлөөгө жооптуу жетекчисинин жана кызмат адамдарынын аты-жөнүн;

7) мурдагы текшерүү жана Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын мурда аныкталган бузууларды четтетүү боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө маалыматтарды;

8) текшерилүүчү салык мезгилин жана текшерүү жүргүзүү үчүн салык төлөөчү берген документтер жөнүндө жалпы маалыматтарды;

9) Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын тиешелүү ченемине таянуу менен текшерүүнүн жүрүшүндө белгиленген салык милдеттенмесин эсептөөнүн толук негиздемесин.

2. Көчмө текшерүү мөөнөтүнүн бүтүшү салык төлөөчүгө текшерүү жөнүндө актыны тапшырган күн болуп эсептелет.

3. Көчмө текшерүү боюнча актыга документтердин зарыл болгон көчүрмөлөрү, салык кызматы органынын кызмат адамы жүргүзгөн эсептөөлөр жана текшерүүнүн жүрүшүндө алынган башка материалдар тиркелет.

4. Көчмө текшерүү боюнча акт кеминде эки нускада түзүлөт жана ага текшерүү жүргүзгөн салык кызматынын органдарынын кызмат адамы жана текшерилүүчү уюмдун жетекчиси же жеке ишкер же алардын салык боюнча өкүлдөрү кол коюшат. Көрсөтүлгөн адамдар актыга кол коюудан баш тартышса, бул тууралуу актыга тийиштүү белги коюлат.

5. Көчмө текшерүү боюнча актынын бир нускасы салык төлөөчүгө берилет. Көчмө текшерүү боюнча актыны алганда салык төлөөчү аны алгандыгы жөнүндө белги коюуга милдеттүү.

---

Мурунку берене: [104-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-104)  
Кийинки берене: [106-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-106)
