# 104-берене. Көчмө текшерүүнү жүргүзүүнүн башталышы

- Документ: [Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/202445)
- Документтеги орду: 13-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябры № 230 "Салык кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 230
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-104>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-40/edition/1120877/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202445/st-104.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык кодекси, 104-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-104

---

1. Көчмө текшерүүнү жүргүзүүнүн башталышы болуп салык төлөөчүгө көрсөтмө тапшырылган күн эсептелет.

2. Көрсөтмө салык төлөөчүгө аны эсепке алган жердеги салык кызматынын органы тарабынан берилет же жиберилет.

3. Көрсөтмө төмөнкүлөргө:

1) уюмдун жетекчисине, анын салык боюнча өкүлүнө, же

2) жеке жакка, анын салык боюнча өкүлүнө,

жеке кол койдуруу же бул көрсөтмөнү алуу фактысын жана датасын ырастаган башка ыкма менен берилиши мүмкүн. Ушул бөлүктө көрсөтүлгөн адамдар көрсөтмөнү алуудан качса, көрсөтүлгөн көрсөтмө заказдык кат менен почта аркылуу жиберилет. Мында көрсөтмө аны тапшыруу жөнүндө квитанцияда көрсөтүлгөн заказдык катты алган күнү алынды деп эсептелет.

4. Көчмө текшерүүнү жүргүзүүчү салык кызматынын органынын кызмат адамы салык төлөөчүгө кызматтык күбөлүгүн көрсөтүүгө милдеттүү.

5. Көчмө текшерүүнү жүргүзүүчү салык кызматынын органынын кызмат адамы салык төлөөчүгө көрсөтмөнүн биринчи нускасын тапшырат. Көрсөтмөнүн экинчи нускасына аны алгандыгы жана таанышкандыгы жөнүндө салык төлөөчүнүн же анын салык боюнча өкүлүнүн белгиси коюлат.

---

Мурунку берене: [103-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-103)  
Кийинки берене: [105-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-105)
