# 102-берене. Көчмө текшерүүлөрдү жүргүзүү мезгили жана мөөнөттөрү

- Документ: [Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/202445)
- Документтеги орду: 13-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябры № 230 "Салык кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 230
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 22 мая 2015 года № 115 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (об упрощении процедур регистрации и ликвидации субъектов предпринимательства)"](https://aqlex.ai/kg/doc/111158)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 22.05.2015 [Закон КР от 22 мая 2015 года № 115 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (об упрощении процедур регистрации и ликвидации субъектов предпринимательства)"](https://aqlex.ai/kg/doc/111158); 06.10.2012 [Закон КР от 6 октября 2012 года № 169 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203769); 18.05.2012 [Закон КР от 18 мая 2012 года № 55 "О внесении изменений и дополнений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203655)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445#diff=1120948..1120949>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-102>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-40/edition/1120877/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202445/st-102.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык кодекси, 102-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-102

---

1. Пландык текшерүү мындай пландуу текшерүү жүргүзүүнүн башталышына карата бүткөн мурдагы 3 календарлык жылдан ашпаган мезгилди камтыйт.

2. Текшерүүлөрдүн калган түрлөрү ушул Кодексте белгиленген салыктык милдеттенме боюнча доонун эскирүү мөөнөтү бүткөнгө чейинки ар кандай мезгил үчүн жүргүзүлүшү мүмкүн.

3. Берилген тапшырмада көрсөтүлүүчү пландуу текшерүү жүргүзүү мөөнөтү салык төлөөчүгө көрсөтмөнү тапшырган күндөн кийинки күндөн тартып 30 календарлык күндөн, ал эми ири салык төлөөчү үчүн - эгерде ушул беренеде башкача белгиленбесе, 50 календарлык күндөн ашпоого тийиш.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен критерийлерге ылайыктуу салык төлөөчү, ири салык төлөөчү болуп эсептелет.

4. Кыргыз Республикасынын ар кайсы региондорунда филиалдары бар уюмдарды пландуу текшерүү жүргүзүүдө салык текшерүүлөрүн жүргүзүү мөөнөтү ар бир филиалга карата 30 календарлык күндөн ашпашы керек.

5. Көчмө текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн мөөнөтүнүн мезгили, ошондой эле көчмө текшерүүнүн өзүн жүргүзүү төмөнкүдөй учурда токтотула турат:

1) аларды берүү күнүн кошуп алганда, салык төлөөчүгө салык кызматы органынын докумен№терин берүү жөнүндө чечим тапшырылган күндөн кийинки күндөн тартып көчмө текшерүү жүргүзүүдө суралуучу документтерди салык төлөөчү берген күнгө чейинки мезгилге;

2) салыктык текшерүүнүн катышуучуларынын ооруп калуусу, жакын тууганынын өлүү себеби боюнча, бирок ал 15 календардык күндөн ашпайт;

3) айласыз күч жагдайлары пайда болгон учурга.

6. Көчмө текшерүүнүн мөөнөтүнүн, ошондой эле көчмө текшерүүнүн өзүн жүргүзүү мезгили маалымат берүү жөнүндө чет мамлекеттен суроо-талапка жооп алуу жана эл аралык макулдашууларга ылайык ал боюнча салык кызматынын органдары маалыматтарды алуу үчүн зарыл болгон убакыттын мезгилинде, ошондой эле утурлама текшерүүлөрдү, экспертизаларды жүргүзүү мезгилинде токтотулбайт.

7. Чет мамлекетке суроо-талапты ишке ашыруу, экспертиза жүргүзүү, утурлама текшерүүнү дайындоо жана көчмө текшерүү бүткөн күнгө чейин алардан натыйжаларды албоо учурларында, көчмө текшерүү жүргүзүлгөн суроо-талаптар, экспертиза өткөрүү, утурлама текшерүүлөрдү дайындоо жөнүндө текшерүү актысындагы жазууларды көрсөтүү менен аяктайт.

8. Суроо-талапка жоопторду, экспертизалардын же утурлама текшерүүлөрдүн натыйжаларын алуу кайра текшерүүлөрдү жүргүзүү үчүн негиз болуп саналат.

9. Пландан тышкаркы текшерүү, пландуу текшерүү үчүн аныкталган мөөнөттө жүргүзүлөт.

10. Утурлама текшерүү 10 календарлык күндөн ашпаган мөөнөттө жүргүзүлөт.

11. Кайра текшерүү 15 календардык күндөн ашпаган мөөнөттө жүргүзүлөт.

12. Салык органы ушул Кодекстин 100-беренесинде каралган пландан тышкары текшерүү жүргүзүү үчүн негиздерди салык органы алган күндөн кийинки күндөн тартып 15 календардык күндүн ичинде пландан тышкары текшерүү жүргүзүү жөнүндө чечим кабыл алууга милдеттүү.

Салык органы ушул Кодекстин 100-беренесинде каралган пландан тышкары текшерүү жүргүзүү үчүн негиздерди салык органы алган күндөн кийинки күндөн тартып 30 календардык күндөн кечиктирбестен көрсөтмөнү салык төлөөчүгө тапшырууга жана пландан тышкары текшерүүгө киришүүгө милдеттүү. (КР 2012-жылдын 18-майындагы № 55, 2012-жылдын 6-октябрындагы № 169, 2015-жылдын 22-майындагы № 115 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [101-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-101)  
Кийинки берене: [103-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-103)
