# 100-берене. Салыктык текшерүүлөр түшүнүгү жана анын түрлөрү

- Документ: [Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/202445)
- Документтеги орду: 13-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябры № 230 "Салык кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 230
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 марта 2019 года № 40 "О внесении изменений в Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111884)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 29.03.2019 [Закон КР от 29 марта 2019 года № 40 "О внесении изменений в Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111884); 27.07.2016 [Закон КР от 27 июля 2016 года № 153 "О внесении изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111433); 29.12.2014 [Закон КР от 29 декабря 2014 года № 167 "О внесении изменений и дополнений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205389); 27.07.2009 [Закон КР от 27 июля 2009 года № 255 О внесении дополнений и изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики "](https://aqlex.ai/kg/doc/202732)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445#diff=1120988..1120989>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-100>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-40/edition/1120877/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202445/st-100.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык кодекси, 100-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-100

---

1. Салыктык текшерүү салык кызматынын органдары тарабынан гана жүргүзүлөт.

Салыктык текшерүүнүн катышуучулары болуп, тапшырмада көрсөтүлгөн салык кызматынын органдарынын кызмат адамдары жана салык төлөөчү, ошондой эле салык боюнча өкүл саналат.

2. Зарыл учурларда салык кызматынын органдары атайын билимдерди жана тажрыйбаларды талап кылуучу айрым маселелерди изилдөө жана консультацияларды алуу үчүн салыктык текшерүүнүн жыйынтыгына кызыкпаган эксперттерди ишке тартышы мүмкүн.

3. Салыктык текшерүүнүн максаты салык төлөөчү Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын талаптарын өз учурунда жана толук аткарышына контролдук жүргүзүү жана көмөк көрсөтүү болуп саналат.

4. Салыктык текшерүүлөр төмөнкүдөй түрлөргө бөлүнөт:

1) көчмө текшерүү;

2) камералык текшерүү.

5. Көчмө текшерүү төмөнкүдөй түрлөргө бөлүнөт:

1) пландуу текшерүү - салыктардын бардык түрлөрү боюнча салыктык милдеттенменин аткарылышын текшерүү;

2) пландан тышкаркы текшерүү - төмөнкүдөй учурларда жүргүзүлүүчү текшерүүлөр:

а) кайра түзүү аркылуу өзгөртүп уюштурууну кошпогондо уюмду өзгөртүп кайра түзүүдө;

б) уюмду жоюуда;

в) жеке ишкердин иши токтогондо;

г) ушул Кодексте каралган учурларда салык төлөөчүнүн арызын алганда;

д) салык төлөөчүдө салыкты туура эмес эсептөө фактылары орун алгандыгын күбөлөндүрүүчү, документ түрүндө ырасталган маалыматтарды салык кызматынын органдары алганда;

е) Евразия экономикалык бирлигине мүчө - мамлекеттердин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолгон товарлар боюнча акциз салыгы жана/же КНС боюнча салык милдеттенмелери салык төлөөчүлөр тарабынан аткарылганда.

Эгерде салык төлөөчү социалдык маанилүү объект жөнүндө келишимдин тарабы болуп саналган учурда, пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүлөт.

3) утурлама текшерүү - салык текшерүүсүн жүргүзүү учурунда салык кызматы органында зарылдык келип чыкса, анын ичинде башка мамлекеттердин салык органдарынын суроо-талаптары боюнча, көрсөтүлгөн адамдар менен салык төлөөчү ишке ашыруучу операцияларга түздөн-түз байланышкан айрым документтерди текшерүү зарылдыгы келип чыкса, үчүнчү жактарга карата салык кызматынын органдары жүргүзүүчү текшерүү;

4) кайра текшерүү - салык кызматынын органдары тарабынан жүзөгө ашырылуучу төмөнкүдөй текшерүү:

а) алар мурда текшерилген салык төлөөчү жөнүндө пландуу текшерүүдө аныкталбаган салыктарды туура эмес эсептөө фактылары жөнүндө документтүү түрдө ырасталган маалыматтарды жана салык кызматынын органынын кызмат адамынын документтер мурда текшерилбегендигинин себептери көрсөтүлгөн жүйөлүү арызын алышканда;

б) салык төлөөчү мурдагы көчмө текшерүүдө камтылган отчеттук мезгил үчүн такталган салыктык отчет бергенде.

Кайра текшерүү көрсөтүлгөн мезгил үчүн көрсөтүлгөн документтик маалыматтар боюнча гана жүргүзүлөт. Мында кайра текшерүүнүн натыйжасы кайра текшерилип жаткан салыктык текшерүүгө катышпаган салык органынын кызмат адамы жүргүзүүгө тийиш; Жүргүзүлгөн суроо талаптын, экспертизанын, кайчылаш текшерүүнүн көчмө текшерүү аяктаган мезгилден кийин алынган натыйжалары боюнча дайындалган кайра текшерүү ушул көчмө текшерүүнү жүргүзгөн салык кызматынын органынын кызмат адамы тарабынан жүзөгө ашырылат.

6. Салыкты туура эсептөө маселелери боюнча камералык текшерүү салык төлөөчүнүн отчеттук документтери жана башка булактардан салык органдарына түшкөн маалыматтар боюнча түздөн-түз салык кызматынын органдары турган жерде жүргүзүлөт.

7. Салык текшерүүлөрүн жүргүзүү, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурлардан тышкарыда салык төлөөчүнүн ишин токтото турууга тийиш эмес.

(КР 2009-жылдын 27-июлундагы № 255, 2014-жылдын 29-декабрындагы № 167, 2016-жылдын 27-июлундагы № 153 , 2019-жылдын 29-мартындагы № 40 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [99-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-99)  
Кийинки берене: [101-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-101)
