# 1-берене. Кыргыз Республикасынын Салык кодекси менен жөнгө салынуучу мамилелер

- Документ: [Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/202445)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябры № 230 "Салык кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 230
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 13 мая 2020 года № 54 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам администрирования сбора страховых взносов по государственному социальному страхованию"](https://aqlex.ai/kg/doc/112060)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 13.05.2020 [Закон КР от 13 мая 2020 года № 54 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам администрирования сбора страховых взносов по государственному социальному страхованию"](https://aqlex.ai/kg/doc/112060); 29.03.2019 [Закон КР от 29 марта 2019 года № 40 "О внесении изменений в Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111884); 13.02.2015 [Закон КР от 13 февраля 2015 года № 32 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205453); 29.12.2014 [Закон КР от 29 декабря 2014 года № 167 "О внесении изменений и дополнений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205389)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445#diff=1121001..1121002>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-40/edition/1120877/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202445/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык кодекси, 1-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-1

---

1. Кыргыз Республикасынын Салык кодекси (мындан ары - Кодекс) төмөндөгү мамилелерди жөнгө салат:

1) Кыргыз Республикасында салыктарды белгилөө, колдонууга киргизүү жана алуу боюнча;

2) салык контролун ишке ашыруу процессинде келип чыгуучу;

3) ушул Салык кодексинин талаптарын бузгандык үчүн жоопкерчиликке тартуу боюнча;

4) салык кызматынын органдарынын чечимдерине, алардын кызматкерлеринин аракеттерине жана/же аракетсиздигине даттануу боюнча.

2. Ушул Кодексте жөнгө салынуучу мамилелер салыктык укук мамилелери болуп саналат.

3. Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу өткөрүлүүчү товарлардан салык алуу боюнча мамилелерге карата Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына карата жөнгө салынбаган жана карама-каршы келбеген бөлүгүндө бажы иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары колдонулат.

4. Кошумча наркка салыкты кошо алганда, салыктарды төлөө боюнча шарттарга карата турукташтыруу режимин колдонууга байланыштуу укук мамилелери Кыргыз Республикасынын инвестициялар жөнүндө мыйзамдары менен жөнгө салынат. Кыргыз Республикасынын инвестициялар жөнүндө мыйзамдары менен белгиленген турукташтыруу режими башка кыйыр салыктарды төлөөгө карата колдонулбайт.

5. Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноого, анын эсептелишин жана төлөнүшүн контролдоону жүзөгө ашырууга, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча мыйзамдарды бузгандыгы үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөрдү жоопкерчиликке тартууга байланышкан мамилелер мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча мыйзамдарда жөнгө салынбаган жана ага каршы келбеген бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары менен жөнгө салынат.

(КР 2014-жылдын 29-декабрындагы № 167, 2015-жылдын 13-февралындагы № 32 , 2019-жылдын 29-мартындагы № 40, 2020-жылдын 13-майындагы № 54 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-2)
