Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын № «Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор киргизүү тууралу» Мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. Учурдагы редакциянын датасы: 2009-07-24.
КР 2009-жылдын 24-июлундагы № 251 Мыйзамы расмий жарыяланган күндөн баштап 6 ай өткөндө КҮЧҮН ЖОГОТОТ Бишкек шаары
2008-жылдын 17-октябры № 225
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына толуктоолор киргизүү тууралу
2008-жылдын 12-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењеши тарабынан кабыл алынган
1-берене.
"Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
(Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Жарчысы, 1998-ж., № 7,
229-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
1. 4-статья төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"- терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган киреше-
лерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракет кылуу максатында баалуу
кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучулары жасоочу акча каражаттары же
башка мүлк менен операцияларды жүргүзүүнүн тартибин контролдойт.".
2. 5-статьянын он алтынчы абзацы "сот органдарына," деген
сөздөрдөн кийин "терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган
кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракет кылуу боюнча ый-
гарым укуктуу органга," деген сөздөр менен толукталсын.
3. 61-статьянын 2-пункту төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толук-
талсын:
"- "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган киреше-
лерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттер жөнүндө" Кыргыз Рес-
публикасынын Мыйзамында каралган учурларда, тартипте жана өлчөмдө тер-
роризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легали-
зациялоого (адалдоого) каршы аракеттер боюнча ыйгарым укуктуу органга
берилет.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- О рынке ценных бумагЗакон · 21.07.1998 · № 95 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (1)
- Баалуу кагаздар рыногу жөнүндөЗакон · 24.07.2009 · № 251