# КР 2008-жылдын 17-октябрындагы № 220 "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2008-жылдын 17-октябрындагы № 220 "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 220
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.01.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202435>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3861/edition/858350/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202435.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2008-жылдын 17-октябрындагы № 220 "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" Мыйзамы (24.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202435

---

КР 2017-жылдын 24-январындагы № 10 Мыйзамына ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТОТ

Бишкек шаары

2008-жылдын 17-октябры № 220

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине

толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө

2008-жылдын 5-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кењеши тарабынан кабыл алынган

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202435/st-1)

Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине (Кыргыз Респуб-

ликасынын Жогорку Кењешинин Жарчысы, 1999-ж., № 10, 442-ст.) төмөнкүдөй

толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:

97-статьяда:

1-бөлүктүн 3-пункту "кармалган адам" деген сөздөрдөн кийин "соттун

чечими боюнча," деген сөздөр менен толукталсын;

2-бөлүктө:

"жетимиш эки сааттын" деген сөздөр "кырк сегиз сааттын" деген сөз-

дөргө алмаштырылсын;

"прокурор кармалган адамды камакка алууга карата бөгөт коюу чара-

сын колдонбогон учурда" деген сөздөр алып салынсын.

3-бөлүк "бошотулганда" деген сөздөн кийин "адам кармалып турган

жердин зардалы тарабынан" сөздөр менен толукталсын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202435/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
